ЖАҢЫЛЫКТАР 13.09.17.

13-09-2017 07:58

Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-сентябрдагы жыйынында “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамга  сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карайт.  “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү” мыйзамга да кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда талкууланат. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы боюнча Жогорку Кеңештин  2016-жылдын 26-майындагы токтомунун ишке ашырылышын кароо жагдайы да бүгүнкү олтурумудун күн тартибине сунушталган. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасын шайлоо процедурасы да ушул эле күнү колго салынмакчы.

Кечээ, 12-сентябрдагы парламенттин тармактык комитетинде Улуттук банктын төрагалык кызмат ордуна президент Алмазбек Атамбаев тарабынан сунушталган талапкер каралды. Ал -  Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп иштеп жаткан Кубанычбек Кулматовдун кандидатурасы. Бул боюнча Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин депутаттарына президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев маалымат берди. Эске салсак, буга чейин бул кызматты Толкунбек Абдыгулов аркалап келген. Ал биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалганына байланыштуу Улуттук банктын төрагалык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Жогорку Кеңештин Экономик жана фискалдык саясат боюнча комитетинин демилгеси менен “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору парламенттик угууда талкууланды. Каржы министри Адылбек Касымалиев өз баяндамасында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына шайкеш келтирилип жатканын белгиледи. «Азыркы учурда баардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына 1 млн сомго чейинки сатып алууларды сынаксыз эле жүргүзүүгө уруксат берүү чаралары иштелип чыкты. Ошентип, алар өз бюджетинин 3 пайыз өлчөмүндөгү каражатка да сынаксыз сатып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деди министр.  

Мамлекеттик сатып алуулар болжол менен өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөт Бул ирет «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга «атайын тартип», «улуттук режим», «демпингдик баа» деген бир катар жаӊы түшүнүктөр киргизилүүдө. Жалпысынан, 2016-жылы мамлекеттик органдар 44070 электрондук сынактын негизинде 43 млрд 520 миӊ сомго ар кандай сатып алууларды жүргүзгөн. Өткөн жылы 504 миӊ сатып алуу ишке ашырылып, 3095 сатып алуучу уюм жана 13500 сатуучу катталган. Мамлекеттик сатып алууда канцтовардан тартып, күйүп, эрип кетип жаткан электр точкаларынын абалы да портал менен чечилет, - деп олтурганда орун алган оңтойсуз абал оңой менен жайгарылбайт экен,- дешти парламенттик угууга катышкан айыл өкмөт башчылары.

                             СНХ.Б.МАРИПОВ

Ички аба каттамдардын билет баасы кымбат болуп жаткандыгы айрыкча майрам күндөрүнө туура келип жатат. Мындай маселени депутат Улукбек Ормонов айтып, тиешелүү чараларды көрүү зарылчылыктарын тармактык комитеттин жыйынында билдирди. Ошондой эле ал “Эйр Манас” авиакомпаниясы 1 литр сууну 140 сомго сатып жаткандыгын да сынга алды.

                            СНХ.У.ОРМОНОВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13-сентябрда кээ бир тоолуу райондордо бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй: 22...27; Талас:21...26; Ош, Жалал-Абад, Баткен: 23...29; Ысык-Көл: 18...23; Нарын: 20...25; бийик тоолуу райондордо 5...10 жылуу болот. ​Бишкек шаарында бүгүн, 13-сентябрда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 24…26 градус жылуу болот.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 90

Окшош жаңылыктар