Бир катар шаарлардын таза суу маселеси менен канализация тутуму жакшырат

12-09-2017 14:15

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору каралды.

Маалыматка ылайык, аталган ратификациялык мыйзам долбоорлору Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул жана Балыкчы шаарларынын таза суу менен камсыз кылууга жана канализация системасын реабилитациялоого багытталган. Ратификациядагы насыялык макулдашуулар 15 жана 25 жылдык төлөө мөөнөтү белгиленип, 3 жана 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт көрсөтүлгөн. Насыяларнын ставкасы Euribor+.

Макулдашуулардын негизинде Өзгөн шаарын таза суусу менен камсыздап, канализациясын оңдоп-түзөөгө 8,5 млн евро жана 2,75 млн АКШ лоллары, Майлуу-Суу шаарына 6,65 млн евро жана 1,6 млн АКШ доллары, Токтогул шаарына 5,3 млн евро жана 1,21 АКШ доллары жана Балыкчыга 5,3 млн евро жана 1,21 АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттар берилмекчи.

Комитеттин жыйынына чакырылган аталган шаарлардын мэрлери жергиликтүү тургундарга маалымат берилгендигин, шаардык кеңештердин тиешелүү чечимдери бар экендигин белгилешти. “Эгер шаар тургундарына суткасына24 саат таза суу бериле турган болсо анда алар ага жараша сууга болгон бааны төлөөгө даяр”,- дешет шаар башчылары.

Жыйынтыгында аталган ратификациялык мыйзам долбоорлору жактырылды.

Ратификациялоого сунуш кылынган мыйзам долбоорлору:

-  «Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасынын менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КР мыйзам долбоору (1- окууда).

- «Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасынын менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КР мыйзам долбоору (1- окууда).

- «Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасынын менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КР мыйзам долбоору (1- окууда).

- «Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасынын менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КР мыйзам долбоору (1- окууда).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 344

Окшош жаңылыктар