Тармактык комитет Бразилия жана Марокко менен макулдашууларды 2-окууда жактырды

12-09-2017 14:12

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында макулдашуулар багытындагы мыйзам долбоорлору каралды:

- «Бишкек шаарында 2017-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзам долбоору;

- «2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзам долбоору.

Аталган мыйзам долбоорлору боюнча КР тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев баяндама жасады. Маалыматка ылайык, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери Бразилияда 90 күн, Мароккодо 30 күн каттоосуз жүрө алышат.

Мыйзам долбоорлору 2-окууда жактырылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 165

Окшош жаңылыктар