Тармактык комитетте Беларусь менен жашыруун маалыматты эки жактуу коргоо жөнүндө макулдашуу 2-окууда жактырылды

12-09-2017 14:09

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзам долбоорун 2-окууда карады.

Мыйзам долбоору боюнча КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков баяндама жасады. Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы саясый, аскерий, экономикалык, илимий-техникалык жана башка жааттагы кызматташуулардын жүрүшүндө ишке ашырылган жашыруун маалыматтарды коргоону камсыздоо болуп саналат.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбейт жана социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана экологиялык терс кесепеттерге алып келбейт. Ошондой эле жарандарды жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына каршы келбейт, ишкерликти тескебейт. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетти кошумча чыгымга алып келбейт.

Соңунда мыйзам долбоору 2- окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 289

Окшош жаңылыктар