ЖАҢЫЛЫКТАР 12.09.17.

12-09-2017 08:16

Өкмөт 2017-жылга карата Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын эсебинин өлчөмүн 110 млн сомго, ал эми Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын кызматынын чыгымын 40 млн сомго көбөйтүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында тармактык комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев билдирди.

                           СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Төө бурчакты темир жол аркылуу экспорттоо маселесин өкмөт тез арада колго алыш керек. Себеби, андан алынып жаткан бир жылдагы киреше 80 миллион долларга жетүүдө,- дейт депутат Дастан Жумабеков Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында. Эл өкүлүнүн айтымында, Түркия, Россия, Казакстанга экспорттоо иштерин Маймак станциясы аркылуу жүргүзүүгө болот.

                         СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ  

Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул жана Балыкчы шаарларынын таза суу менен камсыз кылууга жана канализация системасын реабилитациялоого багытталган ратификациялык мыйзам долбоорун кароодо депутат Зиядин Жамалдинов суу чыгаруу иштери жолго жолтоо болбош керек, - дейт.

                        СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Өзгөн шаарын таза суусу менен камсыздап, канализациясын оңдоп-түзөөгө 8,5 млн евро жана 2,75 млн АКШ доллары, Майлуу-Суу шаарына 6,65 млн евро жана 1,6 млн АКШ доллары, Токтогул шаарына 5,3 млн евро жана 1,21 АКШ доллары жана Балыкчыга 5,3 млн евро жана 1,21 АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттар берилмекчи. Дегинкиси, дүйнөдө ичүүчү таза суу жана колдонуучу суу болуп экиге бөлүнөт. Бул жагынан алганда сапат башкы орунда туруш керек, - дейт депутат Мурадыл Мадеминов.

                        СНХ.М.МАДЕМИНОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 12-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы Чүй, Талас: 21...26; Ош, Жалал-Абад, Баткен:23...28; Ысык-Көл, Нарын:19...24; бийик тоолуу райондордо 5...10 градус жылуу болот. ​Бишкек шаарында бүгүн, 12-сентябрда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы 23…25 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 98

Окшош жаңылыктар