Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууда кандай документтерди топтоo керек?

11-09-2017 16:16

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо  боюнча комитетинин жыйынында «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралды.

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова маалымат берди. Анын айтымында, КР Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү тастыктаган жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө берүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылуунун алдында акыркы 3 жылдын ичинде 12 айдан кем эмес үзгүлтүксүз камсыздандыруу стажысы бар, белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган жаранга жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөнөт.

Талкууда депутат Наталья Никитенко, - “Айрым иш берүүчүлөр адилет иш алып барбагандыктан, соцфондго болгон чегерүүлөрдү которбогондор бар. Андай учурда абал кандай болот?” – деген суроону койду. Ошондой эле мыйзам долбоорундагы редакциялык каталарга жол берилип калгандыгын айтып, оңдоп чыгуу зарылчылыктарын билдирди.

Депутат Альфия Самигуллина менен Евгения Строкова жумушсуздук боюнча төлөнүп жаткан компенсациясын канча киши аларын жана анын суммасын такташты.

Ошондой эле бул мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө “Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жумушсуздарга эмгек акы төлөөнүн шарттары КР Өкмөтү тарабынан белгиленет” , - деп көрсөтүлгөн.

Талкуунун жыйынтыгында «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда комитеттин жактыруусуна ээ болду.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 104

Окшош жаңылыктар