ЖАҢЫЛЫКТАР 11.09.17.

11-09-2017 09:09

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 11-сентябрдагы жыйынында Өзгөн, Балыкчы, Токтогул, Майлуу-Суу шаарларындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо  долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына  байланышкан ратификациялык мыйзам долбоорлору 1- окууда каралат.

«Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору болсо Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 11-сентябардагы жыйынында 1- окууда талкууланат. Ошондой эле «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр дагы талданат.   

Жалпы республикалык тестирлөөдө көптөгөн мектептердин окуучулары 110 баллды камсыздай албай жатышкандыгына токтолгон депутат Абдывахап Нурбаев өлкөдөгү билим берүүнүн сапаты тууралуу сөз кылды. Эл өкүлүнүн пикиринде, бюджеттин долбоорун кароодо сапаттуу билим берүүгө, сапаттуу китептер менен камсыздоого жана эң башкысы - окутуу методикасын жакшыртуу менен мугалимдердин деңгээлин көтөрүүгө жетиштүү каражат бөлүү керек.

                               СНХ.А.НУРБАЕВ

Депутат Улукбек Ормонов Казакстандын жол полициясы тарабынан кыргызстандык айдоочуларга негизсиз айыппулдар салынып, кысымга дуушар болуп жаткан жагдайлар бар экендигин атады. Андыктан, мындай маселени аткаруу бийлиги кечиктирбестен чечүүгө милдеттүү, - дейт парламентарий. 

                              СНХ.У.ОРМОНОВ

Жер-жерлердеги райондордун акимдеринин социалдык тармак боюнча орун басары кызматтарында, айылдык кеңештерде аялдардын саны азайганы байкалууда, - деген депутат Аида Касымалиева жаңы куралган өкмөттү гендердик саясатка көңүл бурууга чакырды.

                             СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

“Ош облусунун Кара-Суу шаарында болуп өткөн жергиликтүү шайлоодо мыйзам бузуулар болду, ага укуктук жактан баа берилиши керек”,- дейт депутат Алтынай Өмүрбекова. Бул жагдайга “Республика – Ата -Журт” фракциясы да жума күнкү олтурумунда кайрылып, тиешелүү органдардын маалыматтарын укту.

                             СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы Чүй:22...27; Талас:21...26; Ош, Жалал-Абад, Баткен: 24...29; Ысык-Көл, Нарын: 20...25; бийик тоолуу райондордо 8...13 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 11 сентябрда жаан жаашы, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 25…27 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 47

Окшош жаңылыктар