ЖАҢЫЛЫКТАР 08.09.17.

08-09-2017 09:19

Бүгүн, 8-сентябрда “Республика- Ата Журт” парламенттик фракциясынын отуруму болот. Анда "Центерра Голд Инк." компаниясынын акцияларынын кошумча эмиссиясы жана ага байланыштуу Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" үлүшүнүн кыскарышы тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, "Кыргызалтын" ААКнун маалыматы угулат. Суроолорго жооп берүү үчүн КРнын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Болсунбек Казаков чакырылган. Кара-Суу шаардык кеңешине 2017-жылдын 3-сентябрында болуп өткөн шайлоолор боюнча түзүлгөн кырдаалды талдоо маселеси да фракция олтурунда каралуучу маселелердин бири. Бул багыттагы суроолорго КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын, КРнын Башкы прокуратурасынын, КРнын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жооп беришет.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Өзбекстан Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапары, эки өлкө ортосундагы чек ара маселесинин 85%нын чечилиши тууралуу сөз кылды. Эл өкүлү мында эки өлкөнүн ынтымактуу карым-катнашына чоң кадам жасалгандыгын  белгилеп, эки мамлекет башчысына шайлоочулардын атынан ыраазычылык билдирди.

                            СНХ.Т.ЗУРПУКАРОВ

Депутат Мирлан Бакиров Мьянмадагы мусулман азчылыгына болуп жаткан зордук-зомбулукка  токтолуп, Бириккен улуттар уюму мындай оор кырдаалга көңүл бурса деген ой-пикирин ортого салды.

                            СНХ.М.БАКИРОВ

Азыр калктын басымдуу эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн Түркияда иштеп жаткандыктан, алардын пенсиясын камсыздоо негизги маселе. Бул багытта өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эгерде ушул пенсиялык системадагы кыргыз-түрк өкмөттөр аралык макулдашууларына кол коюлуп калса, бул Түркиядагы мигрант мекендештерибиз үчүн социалдык чоң колдоо бере турган кадам болот, - дейт депутат А.Касымалиева “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                           СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Социалдык фонддун төрагасы Т.Абжапаровдун айтымында, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекетттердин ортосундагы социалдык төлөмдөр жаатында дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок, Россия тарап менен макулдаша турган бир топ жагдайлар бар. Себеби, алардын мыйзамдары боюнча өзүнүн жергиликтүү жарандарына колдоно турган пенсиялык коэффициент 2% болсо, ал эми сырттан келген мигранттарга караган өлчөм 1%ды гана түзүүдө. Ушул жагынан теңчилдикке жетишсек деген аракеттер болуп жатат. Ал эми калган ошол ЕЭАБ курамындагы башка мамлекеттер менен талаш-тартыш дээрлик жок,- билдирди Т.Абжапаров.

                          СНХ.Т.АБЖАПАРОВ

Сузак районунда жер көчкүдөн жабыркагандар көчүрүлүп барган жерде таза суу жок, - дейт депутат Тазабек Икрамов парламенттин кечээки  жыйынында.

                          СНХ.Т.ИКРАМОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 8-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 27...32; Талас: 26...31, Ош, Жалал-Абад: 29...34, Баткен: 30...35 градус ысык болот. Ысык-Көл: 21...26, Нарын: 22...27 градус жылуу болот. Бишкек шарында бүгүн, 8 - сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 30...32 градус ысык болот.

Көрүүлөрдүн саны : 126

Окшош жаңылыктар