ЖАҢЫЛЫКТАР 07.09.17.

07-09-2017 07:59

Кечээ, 6-сентябрда Төрага Чыныбай Турсунбеков "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келген Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Диалог жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланып, айрыкча, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу жаатында сөз жүрдү. Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жогорку даражалуу мейманга кыргыз жерине мамлекеттик иш сапар менен келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип: "Мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев менен Самарканддагы жана Бишкектеги жолугушууларыңар эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү жакшыртып, өз ара мамилебиздин жаңы тарыхый барагын ачат деп ишенем", - деди. Ошондой эле, акыркы жылдары Кыргызстандын эли эки мамлекет ортосундагы алакалардын жакшы жагына өзгөрүүсүнө күбө болуп жатканын, бул өлкөбүздүн түштүк аймактары үчүн эле эмес, түндүк тараптагы, айрыкча, Ысык-Көл облусуна оң таасирин тийгизип жатканын айтты. “Тамчыдагы аба майданына түз аба каттамынын ачылышы - мунун айкын далили. Биз, Жогорку Кеңеш да Өзбекстан парламенти менен өнөктөштүк мамилелерди чыңдоону көздөйбүз. Баарына белгилүү болгондой, парламенттер аралык кызматташтык эки элди жакындатууда маанилүү роль ойнору бышык. Эгер биз бири-бирибизди жакшы түшүнүшсөк, биздин жарандар да ынтымакта жашайт", - деп кошумчалады Чыныбай Турсунбеков.  Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Улуу Мажилисинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө кол коюлган меморандумду зор кубаныч менен кабыл алганын айткан Чыныбай Турсунбеков аталган документ парламенттер аралык баардык багыттагы өнөктөштүктү өөрчүтүү үчүн жакшы өбөлгө болуп берерин баса белгиледи.

Кыргыз эли Өзбекстан үчүн бир тууган эл экенин айткан Президент Шавкат Мирзиёев акыркы мезгилдери эки мамлекеттин мамилеси жакшырганын билдирип: "Ар бир жасаган ишибиз карапайым элдин турмушун жакшыртуу үчүн кызмат кылышы керек. Бул жагынан алганда, менин бул иш сапарым жемиштүү болду, өзүм өтө канаттандым. Саясий эрктин натыйжасында көптөгөн маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууга жана бир катар документтерге кол коюуга жетиштик. Эми аларды ишке ашыруу гана калды. Мен эки өлкө парламенттери биздин чечимдерди колдоп берет деген ишеничтемин" - деди. Ал эми жакында өтүүчү Кыргызстандагы президенттик шайлоо тууралуу да кеп салган Өзбекстандын мамлекет башчысы: "Акылман кыргыз эли өз кезегинде Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесин жакындатууга багытталган Алмазбек Атамбаевдин саясатын улантуучу татыктуу талапкерди тандап алат деп ишенем", - деп билдирди. Сөзүнүн аягында Шавкат Мирзиёев Төрага Чыныбай Турсунбековду Өзбекстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Белгилей кетсек, аталган жолугушууга Жогорку Кеңештин фракция лидерлери, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, Өзбекстан менен парламенттик достук тобунун жетекчиси катышты.

Бүгүн, 7-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш  адеп күн тартибин тактап алган соң, “Ар кандай маселелер” саатына орун берет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн ант берүүсү болот. Ратификациялык бир катар мыйзам долбоорлорунан тышкары, “Аскердик абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” конституциялык мыйзамдардын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери да бул жолку жыйындын күн тартибине кошумчаланган. 

Калктын жарым бөлүгү жашаган Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында онкологиялык борбор куруу сунушун депутат Каныбек Иманалиев парламенттин кечээки жыйынында көтөрдү. Ошондой эле ал айрым чет мамлекеттердеги онкологиялык тармакка берилген приоритеттерди да санап берди.

                                   СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Депутат Азизбек Турсунбаев онкологиялык ооруларды дарылоодо жеке табыптарга кайрылгандар бардыгын айтып, алардын тейлөө сапатын ким тескеп, көзөмөлгө алышы керек? – деген суроону “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууланып жатканда билдирди.

                                  СНХ.А.ТУРСУНБАЕВ

Депутат Бакирдин Субанбеков республиканын кайсыл аймагында онкологиялык оорулардын саны басымдуулук кылаарын сурап, салыштырма изилдөө иштери кандай жүрөөрүнө кызыкты.

                                 СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

Спорттун улуттук түрлөрү жана салттуу оюндар азыркы ааламдашуу жүрүмүндө толук же жарым-жартылай жоголуп кетүү коркунучуна кабылууда. 2016-жылдын 31-мартында Кыргызстан ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын Репрезентативдик тизмесине киргизүү үчүн «Көк бөрү – салттуу ат оюну» номинациясын Кыргызстандын атынан сунуш кылды. Мындан улам “салттуу оюндар” түшүнүгүн мыйзамдаштыруу зарылдыгы жаралды.Ошондуктан, кечээ 6-сентябрда Жогорку Кеӊеште Өкмөт.тарабынан демилгеленип жаткан “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” КР мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Долбоор кыргыз элинин унутулуп бараткан улуттук спорт оюндары менен салттуу оюндарын өнүктүрүүгө багытталган. Ошондон улам, иштеп жаткан мыйзамга “спорттун улуттук түрлөрү” жана “салттуу оюндар” деген түшүнүктөрдү киргизүү аркылуу аларды сактап калуу жана өнүктүрүү демилгеси көтөрүлүүдө. Талкууда депутат Осмонбек Артыкбаев кыргыз элинин макал – ылапкаптары да улуттук баалуулуктарга кирет. Бул жагдайды да унутта калтырбасак, -дейт.

                                СНХ.О.АРТЫКБАЕВ

                             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 24...29;  Талас:23...28; Ысык-Көл,Нарын:20...25 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад:27...32; Баткен:26...31 градус ысык болот. Бишкек шаарында бүгүн, 7-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 26...28 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 117

Окшош жаңылыктар