ЖАҢЫЛЫКТАР 06.09.17.

06-09-2017 08:25

Бүгүн, 6-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш 2017-жылдын сентябрь айына карата календарлык иш планын бекитет. Ошондой эле “Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору да талкууга чыгат. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралат. Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору биринчи окууда талкууга коюлат. “Толкунбек Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору да күн тартибинен орун алган.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кечээки, 5-сентябрдагы жыйынында бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору каралды. Алардын катарында- «Бишкек шаарында 2017-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзам долбоору жана  «2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзам долбоору бар. Бул багытта КР тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев баяндама жасады. Маалыматка ылайык, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери Бразилия менен Мароккодо 30 күндүн ичинде каттоосуз жүрө алышат.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев Өзбек президенти Шавкат Мирзеевдин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келиши 26 жылдан берки тышкы саясаттагы жакшы кадам,- деп белгиледи. Орто Азияда биринчилерден болуп Казакстан менен Түркмөнстан өз чек араларын иретке салып алышкан. Биз дагы ушул кадамдарды кынтыксыз аткарышбыз керек, - дейт депутат журналисттерге берген маегинде.  Дини, дили бир кыргыз – өзбек жарандары коңшу эле эмес, кыз алышкан жакын кудалардан дагы. Ошондуктан, ааламдашуу доорунда биримдикти чыңдоо негизги максат. Чек аралар ачылса 32 миллиондук рынокко чыгуу жолдору ачылат. Бул эки тарапка тең өтө пайдалуу, -дейт эл өкүлү.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Нарын облусундагы Нарын районунун Жан-Булак айылында курулган “Умсунай апа” бала бакчасынын экинчи имаратынын ачылышына катышты. Өз демилгеси менен атасынын үйүн келечек ээлери үчүн билим уясына айланткан Чыныбай Турсунбеков балдарга карата камкордукту күчөтүү керектигин белгиледи. "Мамлекет оңолуш үчүн бардык тармактарга, анын ичинде балдардын келечеги үчүн зарыл болгон билим берүү жаатына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ошондуктан, акыркы эки жыл ичинде республика боюнча бир катар мектептер оңолуп, көптөгөн бала бакчалар салынууда. Бүгүнкү ачылышы өткөрүлүп жаткан мектепке чейинки билим берүү мекемеси да жасалып жаткан иштердин бир мисалы", - дейт ал. Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков өзүнүн ата-энесинин үйүнүн ордуна жеке каражаты менен 100 орундуу бала бакча куруп, муниципалдык менчикке өткөрүп берген. Бакчанын 50 орундуу бөлүгү 2015-жылы курулуп ишке берилсе, экинчи имараты да бардык шарты менен эми пайдаланууга тапшырылды.

Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында  “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн буйругунун долбоору каралып, жалпы жыйындын кароосуна жолдонгон. Бул багытта маалымат берген Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Теңизбек  Абжапаровдун айтымында, келишимдин негизги максаты – Кыргызстан менен Түркияда иштеген жарандар пенсия курагына келгенде стаждарды пропорционалдуу эсептөө шарттарын ишке ашыруу болуп саналат. Учурда кыргызстандык жарандардын 14миңге жакыны легалдуу шартта Түркияда иштеп жатышат. Ал эми түрк жарандарынын Кыргызстанда иштеп жаткан бөлүгү 5,4 миң кишини түзөт. 

                             СНХ.Т.АБЖАПАРОВ

Депутат Аида Касымалиева Түркиядагы мигранттардын канча бөлүгү пенсия курагында экендигине кызыкты. Социалдык фонддун жетекчилиги берген жоопко караганда, бул тапта Түркияда иштеп жаткан 14 миң кыргызстандык мигранттардын 20%ы пенсия курагындагылар.

                             СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Киреше салыгын 26 жылдан бери жөнгө сала албай койдук деген депутат Акылбек Жапаров, - “Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасынан алынуучу киреше салыгын жоюп салгандан көрө, алардын айлык маянасы 10%га жогорулатылса туура болмок”, - деген пикирин Бюждет жана каржы комитетинин жыйынында билдирди.

                             СНХ.А.ЖАПАРОВ

Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев, - “Мамлекеттик кызматкерлердин арасында дагы айлык маяналары бир кылка эместери байкалат. Бул жагдайды да кайра карап чыгууга мезгил келди”, - деген пикирин тармактык комитеттин олтурумунда ортого салды.

                             СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Саякбай Манасчы Коомдук фондунан кабарлашкандай, "Саякбай" тасмасы 41-чи Эл аралык Монреаль кинофестивалында «Мыкты инновациалык тасма» номинациясы боюнча Гран-приге ээ болду. Аталган көркөм тасманын аткаруучу продюссери Сүйүм Сулайманова, башкы продюссери Саматбек Ибраев, режиссеру Эрнест Абдыжапаров.Саякбай Каралаевдин ролун үч актер аткарды: Марат Жанталиев-карыган кезин, Бактыбек Нурмат уула-орто жашын, Үмөт Дөөлөт уулу-бала чагын. Ошондой эле, кинодо Чыңгыз Айтматов дагы бар, анын ролун жазуучунун кичүү баласы Эльдар Айтматов ачып берген.

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6-сентябрда кээ бир тоолуу райондордо гана өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 29...34, Талас:26...31 градус ысык болот. Ысык-Көл: 22...27, Нарын:24...29 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 6-сентябрда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы 32...34 градус ысык болот.

Көрүүлөрдүн саны : 53

Окшош жаңылыктар