ЖАҢЫЛЫКТАР 05.09.17.

05-09-2017 08:02

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бүгүнкү 5-сентябрдагы жыйынында  2016-жылдын сентябрынан тартып 2017-жылдын июлуна чейинки мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отчётунун бекитүү жөнүндө долбоору каралмакчы.

Бүгүн, 5-сентябрдагы Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында 2015-жылдын 20-майындагы № 106 «Аскердик абал жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 «КР айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР конституциялык мыйзамдары кабыл алынгандыгына байланыштуу «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзам долбоору биринчи окууда дагы башка бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору каралат.

«Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору тармактык комитеттин олтурумунда 3-окууда жактырылды. Мыйзам долбоору депутаттар А.Нурбаев, У.Примов, И.Матраимов, М.Эгембердиев, А.Жамангулов тарабынан демилгеленүүдө. Алардын бири депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик маанидеги муктаждыктарга жараша авто жол, темир жол, эстакадалык көпүрө жана туннель куруу үчүн жер тилкелерин мораторийден чыгаруу максатында сунушталган.

                             СНХ.А.НУРБАЕВ

Бюджет жана финансы боюнча комитет Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга, эффективдүүлүктүн жана мониторингдин көрсөткүчтөрүнө карата №1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кат-макулдашуунун долбоорун жактырды. Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаеванын айтымында, бул программа 2012-2016-жылдарга карата кабыл алынганын, бирок аны макулдашуу эки жылга создугуп кеткендиктен, аны 2018-жылга чейин узартуу зарылдыгы келип чыккан. Бул долбоордун негизги милдети саламаттык сактоо тармагынын артыкчылыктуу 4 багытын жакшыртуу болуп саналат. Ошондон улам, программаны ишке ашырууга Швейцариянын кызматташтык бюросу 12 млн доллар, Дүйнөлүк банк 13,5 млн доллар (анын ичинде насыя – 45 пайыз), Немис өнүктүрүү банкы 16 млн евро бөлүүдө.

Депутат Аида Касымалиева жер-жерлердеги ден соолук комитеттеринин иштерине токтолуп, айрыкча үй – бүлөнү пландоого келгенде тиешелүү түшүндүрмө бере турган китепчелердин (брошюралардын) тартыштыгын белгиледи. Кыргыз тилиндеги түшүндүрмөлөргө болгон талап жогору экендигин кошумчалаган депутат, жаш балдардын туура тамактануусуна да олуттуу көңүл буруу зарылчылыгын айтты.

                           СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Кечээ, 4-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылдарды туруктуу таза суу менен жабдуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору каралды. Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каржылоосу менен Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын тандалып алынган айылдары таза суу менен камсыздоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

                           СНХ.А.ТОКТОШЕВ

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт.Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден айрым, жерлерде 9-14 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй:29...34, Талас:26...31, Ош, Жалал-Абад, Баткен:28...33 градус ысык болот. Ысык-Көл, Нарын:21...26 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 5-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  31...33 градус ысык болот.
 

Көрүүлөрдүн саны : 57

Окшош жаңылыктар