Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы саламаттык сактоо тармагына каржылык колдоосун улантат

04-09-2017 15:43

Бүгүн, 4-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети  Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга карата (кредит № 5135-KG, Грант № H839-KG), Гранттык макулдашууга (TF015135) жана эффективдүүлүктү мониторингдин көрсөткүчтөрү жөнүдө № 2-Кошумча катка № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кат-Макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесинин долбоорун карап, жактырды.

Сунушталып жаткан документтердин шарттарына ылайык, эл аралык уюмдардын 43 млн. долларлык колдоосунун 5,9 млн. доллары насыя болсо, калган бөлүгү грант болуп саналат.

Бул багытта баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, бул каражаттар саламаттык сактоо тармагындагы негизги 4 приоритеттүү багыттарга сарпталмакчы. Алар жүрөк – кан тамыр ооруларын дарылоо иштерине, эне - баланын ден соолугун коргоого, курак учукка каршы иштерге жана адамдын иммундукдефицит вирусуна каршы иш чараларга арналат.

Талкууда депутат Наталья Никитенко саламаттык сактоо тармагындагы биринчи звеного колдоо өтө зарыл экендигин айтып, келип жаткан гранттык каражаттар биринчи жардам берүүчүлөргө таяныч болсо деген сунушун ортого салды.

Депутат Аида Касымалиева жер-жерлердеги ден соолук комитеттеринин иштерине токтолуп, айрыкча үй – бүлөнү пландоого келгенде тиешелүү түшүндүрмө бере турган китепчелердин (брошюралардын) тартыштыгын белгиледи. Кыргыз тилиндеги түшүндүрмөлөргө болгон талап жогору экендигин кошумчалаган депутат, жаш балдардын туура тамактануусуна да олуттуу көңүл буруу зарылчылыгын айтты.

Келип жаткан насыялардын консультантарга деп каралган бөлүгү эч бир азайбай койду? - деген суроону депутат Садык Шер – Нияз көтөрдү.

Депутат А.Самигуллина аталган каражаттын эсебинен төрөт үйлөрүнүн реаблитациялык жумуштарына да көңүл бурулса деген оюн билдирди.

Ушул эле маселе Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүнкү, 4-сентябрдагы жыйынында да каралып, жактырылган. Анда айтылгандай, аталган программа 2012-2016-жылдарга карата кабыл алынса да макулдашуулардын эки жылга создугуп кеткендигинен улам, аны 2018-жылга чейин узартуу зарылдыгы келип чыккан.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 858

Окшош жаңылыктар