ЖАҢЫЛЫКТАР 04.09.17.

04-09-2017 09:09

Бүгүн, 4 – сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы расмий ачылат. Анын жүрүшү “Парламент” радиосу аркылуу түз уктурулат.

Бүгүн, 4-сентябрдагы жыйынында  Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда карайт. Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Нурбаев, У.Примов, И.Матраимов, М.Эгембердиев, А.Жамангулов. Ал эми өкмөт тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору болсо биринчи окууга чыгарылат.  «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына талапкерди көрсөтүү тууралуу» маселе да ушул эле тармактык комитеттин олтурумунун күн тартибине киргизилген.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети да бүгүн кезектеги жыйынына чогулат. «Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкууланат.«Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору да күн тартибинен орун алган.

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүнкү, 4-сентябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралат. Ошондой эле бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да талкууга коюлмакчы.

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй: 29...34; Талас:28...33; Ош, Жалал-Абад, Баткен:29...34 градус ысык болот. Ысык-Көл:24...29; Нарын:25...30; бийик тоолуу райондордо 9...14 градус жылуу болот. ​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 32…34 градус ысык болот.

Көрүүлөрдүн саны : 134

Окшош жаңылыктар