ЖАҢЫЛЫКТАР 25.08.17.

25-08-2017 09:09

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин КР Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунушу келип түшкөндүгүнө байланыштуу, бүгүн 25-августта саат 09-30да Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы болот. Буга КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгү жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесинин 4-бөлүгү жол берет. 

Төрага Чыныбай Турсунбеков кечээ, 24-августта БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын администраторунун орун басары жана Европа менен Борбор Азия боюнча аймактык бюросунун жетекчиси Джихан Султаноглу менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен БУУнун өнүктүрүү программасынын ортосундагы алакаларга байланышкан маселелерди талкуулап, парламенттик демократияны өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүү жана сот системасын реформалоо багытында баарлашышты.Төрага Чыныбай Турсунбеков Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелеринин системасы (ЮНДАФ) тарабынан Кыргызстандын туруктуу өнүгүшү үчүн көрсөтүлүп жаткан жардамдарга байланыштуу ыраазычылык билдирип, 2012-2017-жылдарга карата аталган программанын алкагында 186 миллион долларлык көлөмдө иш пландар мерчемделгенин маалымдады. Ошондой эле, 300 миллион доллардан ашуун гранттык каражатка бир катар иштер аткарылганын кошумчалаган Төрага: “2018-2022-жылдарга карата кол коюлган ЮНДАФтын жаңы этабы ийгиликтүү ишке ашарына ишенем”, – деди.Андан тышкары, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий абалга учкай токтолгон Чыныбай Турсунбеков: “Бизде ири саясий окуя – мамлекет башчысын шайлоо өнөктүгү күтүлүүдө. Парламенттик демократиялык өнүгүү жолунда бара жаткан Кыргызстанда, биринчи ирет шайлоо жараяндарын таза өткөрүү тапшырмасы турат. Буйруса, 2017-жылдын октябрында өтө турган добуш берүү өнөктүгү ачык-айкын жана эл аралык стандартта өтөт деген ойдомун”, – деп билдирди.

Ошондой эле Төрага, маектешине өлкөдө жана парламентте мерчемделген бир катар долбоорлор тууралуу маалымат берип: “Сизге билгилүү болгондой, 2040-жылга чейинки Кыргызстандын туруктуу өнүгүү Стратегиясы иштелип чыгууда. Анын бирден-бир маанилүү бөлүгү болуп, электрондук өкмөт жана ачык коом принцибине таянган жогорку технологиялык, улуттук “Таза коом” долбоору эсептелет. Мындан сырткары, парламентаризм институтун өнүктүрүү алкагында 2021-жылга чейинки Жогорку Кеңештин туруктуу өнүгүу Стратегиясы кабыл алынган жана аны ишке ашыруу маселесинде БУУнун өнүктүү программасы көмөктөшөт деген ишеничтемин”, – деди.

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Джихан Султаноглу уюмдун мекемелер системасы Кыргыз Республикасы менен болгон алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Кыргызстан Борбор Азиядагы парламенттик башкаруу системасын тандап алган жалгыз өлкө. Бул биз үчүн өтө маанилүү жана баалуу. Парламентаризмди өнүктүрүү үчүн узак убакыт талап кылынарын да билебиз жана Жогорку Кеңешти бардык тараптан колдоого даярбыз”,– деп кошумчалады. Мындан сырткары, Джихан Султаноглу парламенттик демократиялык багытта таза шайлоолордун мааниси жогорку экенине токтолуп, бул жаатта да биргелешип иш алып баруу керектигин билдирди.

23-августта Чүй облусунун Жайыл районундагы Талды-Булак айыл аймагына караштуу Бекитай айылынын Самудин Молдосанов атындагы орто мектебинин спорттук комплексинин пайдубалын түптөө же капсула салуу иш- чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков, КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, жергиликтүү тургундар жана мектеп мугалимдери менен окуучулары катышты.

Самудин Молдосанов атындагы орто мектептин директору Айна Абдыкулова: “Биздин мектепте 130дан ашык бала окуйт. Эми аларга ден соолуктарын чыңдап, спорт менен машыгууга чоң өбөлгө түзүлөт” – деп, элдин атынан ыраазычылыгын билдирди. Белгилей кетсек, 2016-жылдын 11-октябрында депутат Б.Субанбековдун сунушу менен Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети менен Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Жайыл районуна көчмө жыйынын өткөрүп, аткаруу бийлигине тиешелүү тапшырмаларды беришкен.

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 25-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорундо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 24...29 градус жылуу болот. Баткен, Ош, Жалал-Абад: 28...33 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл:16...21; Нарын: 21...26; бийик тоолуу райондордо 7...12 градус жылуу болот. ​Бишкек шаарында бүгүн, 25-августта  жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 27…29 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 177

Окшош жаңылыктар