КР ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков РФ ФЖ ФК Төрайымы В.Матвиенко менен жолугушту

04-07-2017 16:14

Бүгүн, 4-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушуп, эки тараптуу өнөктөштүк мамилелер, анын ичинде парламенттер аралык, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жаатында пикир алышты.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы мейманга беш жылдан бери Ысык-Көлдүн жээгинде ырааттуу өткөрүлүп, балдардын ынтымак менен ырашкерлигинин салтына айланып калган «Шериктештик балдары» эл аралык маданий-агартуу форумуна катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эки өлкө ортосундагы мамилелер жаӊы деӊггэлге көтөлүгөнүн белгилеген Чыныбай Турсунбеков кыргыз-орус кызматташтык мамилелеринин баардык чөйрөсүндөгү маселелер жогорку деӊгээлде кыйла жигердүү өнүгүп жатканына канагаттана турганын билдирди. «Сиздин бул иш сапарыӊыз Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык мамилелердин андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзө турганына тереӊ ишенем», - деди ал.

Төрага РФ ФЖ Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володиндин жакында эле жасаган иш сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы ири окуялардын бири болуп калганын эске салып, анын жүрүшүндө кызматташтыктын өтө маанилүү маселелери талкууланганын айтты. Мисалы, Мамдуманын Төрагасынын кыргыз жарандарынын автомашина айдоо күбөлүгүн Россия аймагында таануу сунушу кыйла кубаттоого арзыды.

Ал эми Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Кыргызстанга жумушчу иш сапары менен чакырып, анын алкагында «Шериктештик балдары» эл аралык маданий-агартуу форумуна катышууга мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн ыраазычылык билдирди. «Мен үчүн бул өтө маанилүү окуя. КМШ курамындагы өлкөлөрдөн келген балдардын өз ара достук байланыш түзүп жатканы кубанычтуу. Ошону менен бирге, өлкөлөр ортосундагы мамиле да чыӊдалууда. Мында кыргыз парламентинин салымы зор», - деди ал.

Андан тышкары, В.Матвиенко Жогорку Кеӊештин делегациясы КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын ишине жигердүү катышып, анын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүү максатында моделдик мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу ишине колкабыш кылып жатканын да баса белгиледи. «Кыргызстан менен Россиянын мамлекет башчылары менен парламент жетекчилигинин аракеттерине да баа бере кетишибиз керек. Азыр биздин стратегиялык өнөктөштүк мамилелер эки тараптуу да, көп тараптуу форматтарда да жаӊы сапаттык деӊгээлге көтөрүлдү», - деп жыйынтыктады ал өз сөзүн.

Ошондой эле, жолугушууда Кыргызстанда 2017-жылдын 15-октябрында айында өтө турган президенттик шайлоого Россия парламентинин байкоочулар тобун катыштыруу маселеси жаатында да пикир алышты.

Белгилей кетсек, жолугушууга кыргыз тараптан Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов, депутаттар Гүлкан Молдобекова, Максат Сабиров, орус тараптан РФ ФЖ Федерация Кеӊешинин Төрагасынын орун басары Ильяс Умаханов, Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Константин Косачев, Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Баир Жамсуев, КМШ ПАА Кеӊеш катчылыгынын башкы катчысы – жетекчиси Алексей Сергеев, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутко катышты.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 1309

Окшош жаңылыктар