КР ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен РФ ФЖ Федералдык Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко балдар форумунун катышуучулары менен пикир алышты

04-07-2017 14:17

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Кыргызстанга иш сапары менен келген Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко бүгүн, 4-июлда Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы "Шериктештик балдары" эл аралык маданий-агартуу форумунун мааракелик иш-чараларына катышуу менен, анда эс алып жаткан балдар менен жолугушуп, форумдун алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын мааниси жаатында пикир алышты.

«Ысык-Көл чынында эле адамдын көз жоосун алган бейиштей жер экен. Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдөн келген балдар мында эс алуу менен бирге, ден-соолугун чыӊдап, өз ара ымала түзүп жатканы өтө кубанычтуу. Балдар форумунун алкагында өткөрүлүп жаткан жакшынакай долбоорлор алардын эсинде кала турганына тереӊ ишенем», - дейт Валентина Матвиенко.

Эске салсак, КМШ курамына кирген өлкөлөрдүн "Шериктештик балдары" эл аралык маданий-агартуу форуму Жогорку Кеңеш жана КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы ( КМШ ПАА) тарабынан жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде ырааттуу өткөрүлүп келет.

Форумдун башкы максаты ар кандай билим берүү тутумуна ээ КМШга мүчө-мамлекеттердеги мектеп окуучулары менен жаштардын жетишкендиктерин арттыруу жана нравалык, маданий салттык дүйнө таанымын байытуу үчүн алардын пикир алмашуусуна шарт түзүү болуп саналат.

Быйылкы форумга Армения, Беларусь, Молдова, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандан келген балдар катышууда.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 929

Окшош жаңылыктар