Тажикстандын делегациясы Кыргызстандын санариптик телекөрсөтүүгө өтүү тажрыйбасы менен таанышты

04-07-2017 11:44

Депутаттар Наталья Никитенко жана Жанар Акаев Тажикстан парламентинин депутаты баштаган делегация менен жолугушуп, санариптик берүүгө өтүү тажрыйбалары менен бөлүштү. Тажикстандын депутаттардан, жарандык коомдун жана медиа өкүлдөрүнөн турган делегация санариптик телеберүүгө өтүү боюнча Кыргызстандын тажрыйбасын үйрөнүүгө келген.

“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Наталья Никитенко Кыргызстандын санарипке өтүүсү оңой болбогонун, андагы талаш-тартыш маселелердин үстүнөн жумуш топ 6 жыл бою тынымсыз иштегени тууралуу айтып берди. Өлкөнүн маалымат коопсуздугун, улуттук контентти сактоодо  жергиликтүү медиарынокту коргоодо жана социалдык пакеттин курамы боюнча көптөгөн талаштуу маселелер орун алганын билдирди.  

Мында Орусиянын эки каналын чагылдырууда кыйынчылыктар болгонун айтып,  ал акыры чечилгенин кошумчалады.  Натыйжада толугу менен санарип өтүп, аналогдук берүүнү өчүрүү эки жолу артка кеткенин эске салды. “Акыры саясий эрк менен парламент, өкмөт 15-майда толугу менен санариптик берүүгө өтүп, учурда  өкөнүн 95 пайызын камтыды”, - деди Наталья Никитенко .

Өз кезегинде Тажикстан парламентинин  депутаты Мухаббатшо Рузадоров Кыргызстандын кыска убакытта санарипке өтө алганын белгилеп, эми алар кошуна өлкөнүн тажрыйбасын колдоно турганын айтышты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 795

Окшош жаңылыктар