РФ ФЖ Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Ысык-Көл облусуна иш сапар менен келди

03-07-2017 22:04

Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасындагы иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусуна келди. 


Ардактуу мейманды Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аба майданынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Жогорку Кеңештин КМШ ПААдагы ыйгарым укуктуу өкүлү -  КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиевдер тосуп алышты. 


Белгилей кетсек, сапардын алкагында Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Валентина Матвиенконун жолугушуусу жана алардын "Шериктештик балдары" эл аралык маданий-билим берүүчү форумунун мааракелик иш-чараларына катышуусу күтүлүүдө.


Маалымат үчүн: 
КМШга кирген өлкөлөрдүн "Шериктештик балдары" эл аралык маданий-билим берүүчү форуму, жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын (ПАА) жетекчилиги менен өткөрүлүп келет.
Форумга шериктештикке кирген мамлекеттерден - Армения, Беларусь, Молдова, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген балдар катышат. 
Форумдун максаты - ар кандай билим берүү системасына ээ КМШга мүчө мамлекеттердеги мектеп окуучулары менен жаштардын жетишкендиктерин арттыруу жана нравалык, маданий салттык дүйнө таанымын байытуу үчүн алардын пикир алмашуусуна шарт түзүү.

КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1710

Окшош жаңылыктар