ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.17.

30-06-2017 08:50

Бүгүн 30-июнда Төрага Чыныбай Турсунбеков парламенттин жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берет. Бул убакыт аралыгында Жогорку Кеңеш тарабынан 186 мыйзам кабыл алынган. Алардын 48%дан ашыгын Жогорку Кеңеш, калган бөлүгүн өкмөт демилгелеген. Мындай маалыматтар камтылган атайын отчеттордун тиркемеси дагы даярдалган.

Парламенттин кечээки олтурумунда “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага ылайык,  жаңы салынган жолдорго 5 жылдан кем эмес, калыбына келтирилген жолдорго 3 жылдан кем эмес кепилдик мөөнөтүн берүү сунушталууда. Талкууда депутат Улугбек Ормонов оор жүк ташуучу автоунаалар жолдорго гана эмес, экологияга дагы олуттуу зыян келтирип жатканын айтты. Ошондуктан, күйүүчү майларды ташуу жумуштары  темир жолго жүктөлүш керек, - дейт парламентарий.

                      СНХ.У.ОРМОНОВ

Депутат Алтынбек Жунус уулу Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун айрым участоктору жарыла баштагандыгын айтып, буга ким жооп бере тургандыгын парламенттин кечээки жыйынында тактады.

                     СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

Кыргызстанда салынып жаткан жолдордун абалы сапаттуу болсун десек, анда жерге төшөлүп жаткан асфальт-бетондорунун сапатын текшере турган атайын адистешкен лабораториялар керек. Бирок, андай жабдыгы бар жай азырынча жок. Келечекте бул иш дагы колго алынат,- деп пландалып жаткандыгын Жолдор жана транспорт министри Жамшитбек Калилов билдирди.

                     СНХ.Ж.КАЛИЛОВ

Депутат Мирлан Бакиров чет мамлекеттердин айрымдарында аба ырайы кескин ысып кете турган болсо, жолдордо унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизиле тургандыгын айтып, ошол эле учурда бизде дагы жол фонддору негизделиш керек,- дейт парламенттин кечээки жыйынында.

                     СНХ.М.БАКИРОВ

Эмгек мигранттарынын айлык маяналары менен өз убагында эсептешпеген иш берүүчүлөр дагы бар. Бул боюнча топтогон карыздардын эсеби 46 млн. рублга жеткен болсо, азыр анын 16 млн. рубли өндүрүлгөн.

                     СНХ.Н.ШЕРИПОВ

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад:+29...+34, Баткен: +30...+35 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл: +21...+26, Нарын:+22...+27  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 30-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы +31...+32 градус ысык болот.



 

Көрүүлөрдүн саны : 405

Окшош жаңылыктар