Тармактык комитетте өлкөнүн ирригациялык жана дренаждык системаларын оңдоого жана жаңылоого багытталган гранттык келишим жактырылды

Бүгүн, 14-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында 2016-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору боюнча көп тараптуу трасттык фонддун администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору каралды.

КР Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин маалыматына караганда аталган ратификациялык мыйзам долбоору - 100% гранттык долбоор. Гранттык келишимдин максаты ирригациялык жана дренаждык системаларды реабилитациялоо жана модернизациялоо, айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана калкты айыл чарбасына керектүү суу ресурстары менен камсыздоо болуп эсептелет. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 38 млн. АКШ долларын аталган тармакты жакшыртууга бөлөт. Долбоор 4 компоненттен турат. Биринчи компонентте ирригациялык жана дренаждык системаларды реабилитациялоо жана модернизациялоого 28 млн. АКШ доллары каралса, азыктануунун сапатын жакшыртууга 4,5 млн. АКШ доллары каралган. 1.9 млн. АКШ доллары долбоорду башкарууга, ал эми 3,5 млн. АКШ доллары консултациялык иш-чараларга жумшалмакчы. 95% консультанттар жергиликтүү консультанттардан болмокчу.

Жыйын жүрүшүндө долбоордун каражаты Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА) аркылуу каржыланаары белгиленип, долбоорду натыйжалуу ишке ашырууда алардын ишмердүүлүгүн ким көзөмөлдөйт деген маселе көтөрүлдү. Депутат Надирбек Каримов СПАлар элден дагы суу пайдалангандыгы үчүн каражат топтоорун, ошол эле маалда ушул сындуу гранттык, кредиттик каражаттар келерин, бирок элге суу жетпей калган учурлар болоорун билдирди. Талкууда грант жана насыя алып иштеткен СПАлар боюнча өзүнчө иликтөө маселеси дагы айтылды.

Жыйынтыгында аталган ратификациялык мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар