ЖАҢЫЛЫКТАР 29.06.17.

29-06-2017 08:58

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 29-июндагы жыйынында “Ар кыл маселелер” саатына орун берилбейт. Анткени кечээки жыйында ушундай чечим кабыл алынган болчу. Бул жолку олтурумда бир катар айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралат. Ошондой эле “5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөргө да көңүл бурулат. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы тууралуу” Жогорку Кеңеш токтомунун аткарылышы жөнүндөгү” маселе дагы бул жолку олтурумдун кароосуна чыгат. Туризмди өнүктүрүүгө байланышкан Жогорку Кеңештин токтом долбоору да кеңири талкууну жаратмакчы.  

Ушу тапта Кыргызстанда 1 млн 400 миӊден ашуун бала бар. Алар заманбап жаӊы технологиялар менен жабдылган ооруканага жана жогорку адистиктеги медициналык кызматкерлерге муктаж. Бул жагдайды эске алып, жалпы аянты 10 миӊ чарчы метр келген жаӊы оорукана Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасынын аймагында курулмакчы. Аны Сауд өнүктүрүү фонду каржылайт. Мындагы жалпы сумма 30 млн доллар көлөмүндөгү жеӊилдетилген насыя болуп эсептелет. Инвестициялык каражаттын 40 пайызы болсо грант. Бул тууралуу ратификациялык мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында каралып, 3-окууда 108 добуш менен кабыл алынды. Сауд Аравиясы тарабынан курула турган  оорукананын медициналык жабдуулары да ошол инвесторлор тарабынан камсыздалат. Андагы медициналык жабдуулардын жалпы наркы – 8 млн долларды түзөт.

Депутат Альфия Самигуллина Бишкек шаарында заманбап ооркукананын курулушун колдой турганын билдирди. Ошондой эле ал аймактардагы акыбалы оор сыркоолор Бишкек шаарына алынып келинип дарылана турганын эске салып, жаны заманбап оорукананын зарылчылыгына токтолду. Ошол эле мезгилде ордо калаанын айрым медициналык мекемелерине караганда айрым аймактардагы ооруканалардын абалы кыйла жакшы экенин да белгиледи.

                              СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

Көйгөйлүү маселелердин бири “кара тизмеге” кирген мигранттардын тагдыры. Бул жаатта Россиянын 12 мамлекеттик органы текшерүү иштерин жүргүзүшөт. Ошол “кара тизмеге” илинип калган жарандарыбыз 2015-жылдын январь айына карата 180 миң кишини түзгөн болсо, эки жыл аралыгында алардын эсеби 106 миң болуп азайган. Бул багытта Президент, парламент жана өкмөттөр аралык алакалардын натыйжалуу жыйынтык берип жаткандыгын белгилесек болот,- дейт миграциялык кызматтын статс-катчысы Нурлан Шерипов.

                              СНХ.Н.ШЕРИПОВ

Депутат К.Иманалиев, - “1 млн. мигрант 25 жыл ичинде 50 млрд. доллардай  мамлекетке киреше алып келди. Бир дагы инвестордун алып келген каражаты мындай көлөмдү камсыздай алган эмес”,- дейт. Ошондой эле К.Иманалиев,- мигранттардын укуктары биз дагы башка дүйнөнүн 40ка жакын мамлекети мүчө болгон Эл аралык миграциялык уюмдун мыйзамдарына ылайык корголушу керектигин кошумчалап, буга Россия менен Казакстандын да кошула тургандыгын белгиледи.

                             СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Кыргызстандын  Евразиялык экономикалык биримдикке кириши менен тышкы мигранттар үчүн  бир кыйла жеңилдиктер  жаралды деген маалыматты тастыктаган  Миграциялык кызматтын бөлүм башчысы Майрамбек Бейшенов, - “Чынында, ЕАЭБке кирүү менен тышкы мигранттар  30 күнгө чейин  каттоосуз жүрө алышат.   Мисалы, Россияда жумушка орношууда  орус жарандарына берилген укук жана шарттарды бирдей колдоно алышат. Социалдык пакет толук каралат” – дейт.

                             СНХ.М.БЕЙШЕНОВ

Миграциялык кызматтын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара  Мамбетованын айтымында,  Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери  чет жерде жашаган  60 миңден ашуун  этникалык кыргыздар өз жерине, башкача айтканда  тарыхый мекенине кайтып келген. “Кайрылман статусу –жарандык  алганга чейинки укук берүүчү убактылуу документ болуп эсептелет.  Аталган документ  паспорт ордуна  медициналык кызматтан колдонууга, жумушка орношууга же жогорку окуу жайларга тапшырууга мүмкүнчүлүк берет” – дейт адис.

                            СНХ.Ж.МАМБЕТОВА

Миграция кызматынын  басма сөз катчысы Исабек кызы Айсулуу, - дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчуна маалымат жеткирүү кыйын, бирок жаңы технологияны колдонуу менен аракеттер жасалууда,- дейт. 

                           СНХ.А.ИСАБЕК КЫЗЫ

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 29-июнда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй,  Талас: +25...+30; ОшЖалал-Абад, Баткен: +27...+32 градус ысык болот. Ысык-Көл:+18...+23; Нарын:+16...+21 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  29-июнда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 27...29 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 186

Окшош жаңылыктар