Эгемендүүлүктүн жылдарында  60 миңден ашуун  этникалык кыргыздар тарыхый мекенине кайтып келишкен

28-06-2017 17:00

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү менен тышкы мигранттар үчүн  бир кыйла жеңилдиктерди түзүп берди. Мындай маалыматтарды тастыктаган КР Миграциялык кызматынын миграциялык саясат бөлүмүнүн жетекчиси  Майрамбек Бейшенов , - “Чынында, ЕАЭБке кирүү менен тышкы мигранттарга жеңилдиктер жаралды.  Алардын бири катары биздин мигранттардын биримдикке мүчө болгон мамлекеттердин аймагында 30 күнгө чейин  каттоосуз жүрө алышарын айтсак болот.   Мисалы, Россияда жумушка орношууда  орус жарандары колдонгон  укук шарттарды бирдей колдоно алышат.  Социалдык пакет да толугу менен бирдей тартипте каралат” – дейт бүгүн, 28-июнда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Ошентсе да  чечилбей келе жаткан маселелердин бар  экендигин белгилеген  миграция саясатын иштеп чыгуу боюнча бөлүмдүн башчысы, -мигранттардын “кара тизмеси”, убактылуу жумушка орношууда орун алган кыйынчылыктар жана  эмгек акынын төлөнбай калган  учурларын  санап берди.  Бул тапта иштин алдыга жүрүшүнө Миграциялык  кызматтын статусу да жол бербей жаткандыгы айтылды. Себеби, 700 миңден ашык тышкы мигранттарды учурда 48 адистен турган  кызмат тейлейт.  Мындан сырткары,  министрлик же комитет болбогондуктан,  Миграция кызматынын ыйгарым укуктары ченелүү, - дешет адистер.

Уктурууда   кайрылмандар  маселеси да көтөрүлүп,  бул тууралуу  Миграциялык кызматтын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы  Жыпара  Мамбетова   маалымат берди.  “Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери  чет жерде жашаган  60 миңден ашуун  этникалык кыргыздар өз жерине, башкача айтканда  тарыхый мекенине кайтып келишкен. Кайрылман статусу –жарандык  алганга чейинки укук берүүчү убактылуу документ болуп эсептелет.  Аталган документ  паспорт ордуна  медициналык кызматтан колдонууга, жумушка орношууга же жогорку окуу жайларына тапшырууга мүмкүнчүлүк берет” – деди  ал.

Миграция кызматынын  басма сөз катчысы Исабек кызы Айсулуу , – дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчуна маалымат жеткирүү кыйын, бирок жаңы технологияны колдонуу менен аракет кылуудабыз, -  дейт.  Азыркы тапта  мигранттар үчүн  көйгөйлөрүн чечүүдө, суроолоруна  жооп алууда бир канча байланыш кызматтары жардамга келет. “Мисалга алсак,  Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан аэропорттордун  ичинде атайын терминалдар  орнотулган.  Ошондой эле, жеңилдик үчүн  андроид  телефонунда  мобилдик тиркеме жасалган. Алар аркылуу ар бир мигрант өзүнүн “кара тизмеге” кирген- кирбегендигин тактап, кайсыл жерден жумуш орундарын табууга болоорун билип алышат”, - дейт ведомствонун маалымат катчысы.   Мындан сырткары, ал ,- тынымсыз байланышты камсыз кылган 189 номери да  иштеп  жаткандыгын кошумчалады.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 185

Окшош жаңылыктар