РФ ФЖ Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.Володин Бишкек шаарына расмий иш сапар менен келди

28-06-2017 09:18

Бүгүн, 28-июнда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин  Бишкек шаарына расмий иш сапар менен келди.

Мейманды Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов «Манас» эл аралык аэробекетинен тосуп алды. 

Белгилей кетсек, расмий иш сапардын алкагында В.Володин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен тар жана кеӊири чөйрөдө жолугушуп, эки тараптуу мамилелер, парламенттер аралык кызматташтык мамилелер жаатында пикир алышмакчы.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 620

Окшош жаңылыктар