ЖАҢЫЛЫКТАР 28.06.17.

28-06-2017 08:40

Бүгүн, 28-июнда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володиндин  Бишкек шаарына расмий иш сапар менен келери күтүлүүдө. Бул ирет Вячеслав Володин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен тар жана кеӊири чөйрөдө жолугушат. Андан тышкары, Өчпөс отко гүлчамбар коюу салтанатына да катышат.

КМШга мүчө-мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги IX сессиясынын жүрүшүндө депутат Акылбек Жамангулов аталган жаштар ассамблеясынын координатору болуп шайланды. Жаш парламентчилердин эл аралык иш-чарасына Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Молдованын, Россиянын, Таджикистандын, Кыргызстандын парламентчилери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, коргоо жана коопсуздук, Жаштар менен студенттердин Бүткүл дүйнөлүк XIX фестивалын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү тууралуу маселелер талкууга алынды.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 28-июндагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карайт.  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзам долбоору дагы үчүнчү окууга кароого чыгат. 2016-жыл үчүн Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борборунун баяндамасы да бүгүнкү жыйын жүрүшүндө каралат. 2016-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ар жылдык баяндамасы да бул жолку жыйындын күн тартибине киргизилген.  

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кечээки, 27-июндагы жыйынында «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселе каралды. Бул багытта баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шериповдун айтымында, азыркы тапта 740 миңден ашуун мекендештерибиз мигрант болуп чет өлкөлөрдө иштеп жатышат. Алардын 15 миңге жакыны Түркияга, 29 миңге жакыны Казакстанга туура келет. Россияда 600 миңге жакын мигранттарыбыз бар болсо, Кореяда 5 миңге чукул жарандарыбыз ишке тартылган.

                             СНХ.Н.ШЕРИПОВ

Депутат Аида Касымалиева, - миграциялык агымдагы кыз-келиндердин укуктарын ким коргойт? Гендердик багытта бериле турган кеңештер кимдер тарабынан жүргүзүлүш керек? Кыз – келиндердин ден соолугуна ким, Кыргызстан кам көрүш керекпи? Же Россиябы? – деген суроолорду баяндамачыга жолдоду.

                            СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Депутат Үмөталы Кыдыралиев,- “Мигранттар менен диаспоралар жакшы иштеп жатат,- деп айтылып жатат. Эмнеге алар аткарган ишти мамлекеттик миграциялык кызмат артыгыраак кылып аткара албайт?” – деген суроону койду.

                            СНХ. Ү.КЫДЫРАЛИЕВ

“Жогорку Кеңеште миграциялык маселелер эпизод катары гана каралып келген болсо, эми аны системалуу түрдө кароо негиздерине жетиштик. Ошого жараша Өкмөт миграциялык абал боюнча жылына бир ирет парламентте отчет  берүүгө милдеттүү”,- дейт депутат Каныбек Иманалиев.

                           СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу–кат боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, Дүйнөлүк банк менен Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыз кылуу тутумунун абылын жакшыртуу багытында грантык жардам боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. «Келишимге ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 400 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Аудитордун жумуштарды жүргүзүү үчүн да каражат каралууда», - дейт ал. Андан тышкары, гранттык каражат толугу менен «Бишкек жылуулук тутуму» ишканасына бериле турганы белгилүү болду.

Улуттун  жүзүн тааныта турган маданият экендигин белгилеген депутат Садык Шер-Нияз болсо чет мамлекеттерге чыгып жаткан музыкалык аспаптарыбыздын сапатына көңүл бурбасак, арасында “зым” менен чырмалып байланган эскилиги жеткен инструменттердин жүргөндүгү чындап уялтат экен,- дейт.

                         СНХ.С.ШЕР – НИЯЗ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 28-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, нөшөөргө айланат. Бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+24...+29, Ысык-Көл, Нарын: +16...+21 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 28-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +27...+29 градус жылуу болот.

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 359

Окшош жаңылыктар