Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.Володин Бишкек шаарына расмий иш сапар менен келет

27-06-2017 12:09

Эртеӊ, 28-июнда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володиндин  Бишкек шаарына расмий иш сапар менен келери күтүлүүдө.

Расмий иш сапардын алкагында В.Володин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен тар жана кеӊири чөйрөдө жолугушат. Андан тышкары, Өчпөс отко гүлчамбар коюу салтанатына да катышат.

 

КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 592

Окшош жаңылыктар