ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.17.

23-06-2017 08:44

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйындар залында “Чечендик өнөрдүн сырлары” аталышында тренинг өткөрүлөт. Лондондо топтогон тажрыйбалары бар, “Эң мыкты спикер айым Европа – 2014” номинациясынын жеңүүчүсү Асель Сыдыкова өз билгендери тууралуу кеңири айтып берет. Кезегинде ал Тони Роббинс, Дональд Трамп, Роберт Кийосаки, Джордан Белфорт, Ричард Брэнсон менен бир сценага чыгып, чечендик өнөрүн калыптандырган. Анын жыйынтыгы жаман болгон жок. Европа боюнча алганда 20 миңге жакын кишини туура, таап сүйлөө өнөрүнө үйрөткөн.  Иш чара саат 12ден башталып саат 17:30га чейин улантылат.  

Чолпон-Ата шаарына жакын жердеги Ананьево аймыганда болгон газдын жарылуусуна байланыштуу абалга токтолгон Төрага Чыныбай Турсунбеков парламенттин кечээки жыйынында бул каргашада каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

                           СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Кечээки жыйынында Жогорку кеңеш Улуттук Банктын 2016-жылдагы отчетун жактырды.  Талкууда Төрага Чыныбай Турсунбековду алтын куймаларынын сатылышы, алардын даярдалышы, маарекелик монеталардын жүгүртүлүшү тууралуу бир топ суроолор кызыктырды.

                          СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Депутат Рыскелди Момбеков акча басууда чет мамлекеттерге жалдырабай, өзүбүздүн улуттук банктын алдында акча басып чыгара турган атайын фабирика иштеш керектигин айтып, ошондой эле майдаланып керектен чыгарылып жаткан кагаз акчаларынын көлөмү 20 тоннага жетет экен. Буга кантип ишенебиз?- дейт.

                          СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Улуттук банктын иштеп жаткан иштери эл аралык аудиторлордун талаптарына жооп берет. Ал көз карандысыз саясат жүргүзүшү керек. Ушуну эске албаса, кээ бир мыйзамдарга дал келбестиктер орун алып калышы мүмкүн,- деген сунушту депутат Акылбек Жапаров айтып чыкты.

                          СНХ.А.ЖАПАРОВ

Кыз-келиндердин басымдуу бөлүгүн иш менен камсыз кылган тармак бул жеңил өнөр жайы. Же тигүү цехтери. Бирок анда иштеп жаткандардын алып жаткан маяналары ачык көрсөтүлүп, социалдык төлөмдөр кармалып жатабы? Бул жаатта бир топ суроолор бар. Андыктан  Акыйкатчы институту атайын мониторинг жүргүзгөндүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Омбудсмен Кубат Оторбаев билдирген эле.

                         СНХ.К.ОТОРБАЕВ

Эмгек тартибинин мыйзам талаптарына ылайык сакталышы боюнча айтылган Акыйкатчынын баяндамасы жалпы республика боюнча маалыматтарды камтыган-камтыбагандыгын тактаган депутат Аида Касымалиева болду.

                        СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Депутат Наталья Никитенко аялдар арасында көйгөй бир гана айлык маяналарды алууда эле эмес, пенсияга чыгууда да орун аларын билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду:

                        СНХ.Н.НИКИТЕНКО

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 23- июнда Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад областтарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+32..+.37 Талас:+31...+36 Ош, Жалал-Абад, Баткен: +32...+38 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл, Нарын:  +25...+30 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 23-июнда  күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет.  Абанын температурасы +34...+36 градус ысык болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 372

Окшош жаңылыктар