Төрага Чыныбай Турсунбеков тармактык комитетке Ананьево айылындагы 3 адам өмүрүн алган газ куюучу бекеттеги жарылууну көзөмөлдөө тапшырмасын берди

22-06-2017 15:55

Бүгүн, 22-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы үч адамдын өмүрүн алган газ куюучу жайдагы жарылууга байланыштуу алардын жакындарына көӊүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тиледи.

Ошондой эле, кырсыктын себептерин тез арада иликтеп чыгуу менен, кырсыктын кесепеттерин жоюу багыттында да ыкчам аракеттерди көрүү зарылдыгын билдирген Төрага тиешелүү мекемелерди адам өмүрүн алган мындай кырсыктардын кайталанбашы үчүн баардык газ куюучу бекеттердеги техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышынын дыкат абалын текшерип чыгууга чакырды. Андан тышкары, Жогорку Кеӊештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине Ананьеводогу окуяны көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Эске салсак, ушул жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Ананьево айылында газ куюучу жайдагы жарылуудан үч адам каза таап, жети адам оор жаракат менен ооруканага жеткирилген.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 852

Окшош жаңылыктар