Чек арадагы айрым айылдарды өзгөчө статус берилген тизмекке киргизүү демилгеси талкууланды

22-06-2017 10:32

Жогорку Кеӊеште чек аймактарында жайгашкан айылдардын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, буга чейин өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмеги бекитилген, бирок кийинчерээк келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, аларды ал тизмекке кошуу үчүн кошумча критерийлерди иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болууда.

Ал үчүн айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү маселесин чечүү керек. Өзгөчө статус берүү үчүн негизинен 3 критерий белгиленди: айылдын социалдык-экономикалык жактан начардыгы; айылдын жайгашкан шартынын катаалдыгы; улуттук коопсуздук жаатындагы абалы.

Белгилей кетсек, 2011-жылы түзүлгөн тизмекке 59 айыл, 10 участка киргизилип, алардын өнүгүүсүнө республикалык бюджеттен 1 млрд сом, жергиликтүү бюджеттен 350 млн сом өлчөмүндө каражат берилген. Ушу тапта дагы 56 айыл өзгөчө макамы бар айылдардын тизмесине кирүү өтүнүчүн билдирүүдө.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1049

Окшош жаңылыктар