ЖАҢЫЛЫКТАР 22.06.17.

22-06-2017 08:33

Бүгүн, 22-июндагы парламент жыйынында күн тартиби такталган соң, Улуттук банктын 2016-жылдагы отчетун талкуулоо улантылат. Кыргыз Республикасындагы аялдардын жана кыздардын абалы жөнүндө өкмөттүк саат өткөрүлөт. “Күрөө” жөнүндөгү мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө да көңүл бурулат. Бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да талкууга чыкмакчы.

Жогорку Кеңеш кечээки олтурумунда КР Улуттук банкынын 2016-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчетун укту. Талкууда депутат Айнуру Алтыбаева банктардын жер-жерлердеги бөлүмдөрү чечим кабыл алууда чечкинсиз болуп, Улуттук банктын командасын күтүп олтурушат экен,- деп Улуттук Банктын төргасына суроо салды.

                          СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Депутат Курманкул Зулушев Улуттук банктын директорлор кеңешинин алып жаткан маяналарына токтолуп, андагы чакан кишинин бир жылда тапкан кирешесин мугалим, врачтар эки жылда араң табарын айтып, маяна маселесинде тенсиздикке жол берилбесе деген оюн ортого салды.

                         СНХ.К.ЗУЛУШЕВ

Депутат Бакирдин Субанбеков сырттан келип жаткан каражаттардын ар бир тыйынынын эсеп-чоту болуш керек. Мисалы, Россия жакында эле кечип жаткан ири каражат кайсыл бир максаттарга жумшалды да. Анын отчету кимге берилиши керек, -дейт Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында. Ошондой эле депутат үй-бүлө чыгымы чып-чыргасы коротулбай эсепке алышып турса, мамлекетте деле дал ошондой тактык сакталып, чар-жайыттык орун албашы керек,- деп кошумчалады.

                        СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

Балыкчы шаарында логистикалык борбор курулгандыгын айтып, айыл чарба продукцияларынын бир топ түрлөрүнүн Кытайга эскпорттолуп жаткандыгын жакшы кадам деп баалаган депутат Аскарбек Шадиев сыртан келип жаткан каржылык колдоолордун натыйжалуу колдонулуп жаткандыгын билдирди.

                         СНХ. А.ШАДИЕВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 22-июнда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+ 29…+34; Талас:+ 28…+33; Ош, Жалал-Абад, Баткен:+ 31…+36 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл, Нарын:+ 25…+30, бийик тоолуу райондордо +10…+15  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  22-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +32…+34 градус ысык болот.

Көрүүлөрдүн саны : 313

Окшош жаңылыктар