ЖАҢЫЛЫКТАР 21.06.17.

21-06-2017 08:56

Бүгүн, 21-июндагы жыйынында  Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчетун угат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого тиешелүү болгон жакында эле кабыл алынган токтомдор жөнүндө Борбордук шайлоо борбордук комиссиянын маалыматы да тааныштырылат. Андан сырткары  “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр  үчүнчү окууда каралат. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Мыйзамдын долбоору болсо үчүнчү окууга чыгат.  “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган  өзгөртүүлөрдүн  макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору да күн тартибине киргизилген.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет  «КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөгү»  конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Демилгечилердин айтымында, Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу тартиби мыйзам менен регламенттелген эмес, анын кесепетинен Конституциялык палатанын чечимдеринде камтылган тапшырмалар жетиштүү түрдө эркин ишке ашырылууда. Ушул тапта Конституциялык палатанын 65 чечими аткарыла элек. Анын ичинде 25 чечим Жогорку Кеӊешке тиешелүү, алардын 60 пайызы аткарылды, калганы аткарылуу алдында турат.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Мамкурулуш агенттигине бир типтеги мектеп имараттарынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Бул талап КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык келишимди дароо эле үч окууда жактырган учурда эске алынсын,- деп айтылды. Өкмөттүн маалыматына караганда, бул каражатка 16 мектеп курулат. Инвестициялык каржынын жалпы көлөмү – 30 млн доллар (2 млрд 10 млн сом), үстөгү – 1 пайыз, төлөө мөөнөтү – 25 жыл. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин статс-катчысы  Самат Бөрүбаев билдирди.

                      СНХ.С.БӨРҮБАЕВ

Мектептердин курулуш сапатын текшере турган көчмө лабораториялар иштейт экен. Мындай тажрыйбаны Россиянын мисалдарынын көрсө болот. Насыя, грант алганда ушундай курулуш сапатын аныктай турган жаблыктар менен катар тажрыйбалуу адистердин кесипкөйлүгүнө да көңүл бурулса,- дейт депутат Акылбек Жапаров.

                      СНХ.А.ЖАПАРОВ

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет  Ош шаарында мектеп куруу тууралуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы түзүлгөн келишимди жактырды. Талкууда депутат Жанар Акаев,-" Бул мектеп Казакстандын колдоосу менен курулган "Жетиген" мектебинин абалын кайталап калбаса экен. Себеби, ал жакты барып көрдүк. Сапатын жакшы,- деп айта албайбыз. Ошондуктан, тендер маселесинде так талаптар сакталса", - деген оюн ортого салды.

                      СНХ.Ж.АКАЕВ

КР Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыкановдун айтымында, Өзбекстан жаңы салынат деп жаткан мектепке каражат гана бөлүп тим болбостон, анын курулуш иштерин дагы өз моюнуна алат.  Андыктан алар курулуш материалдарынан тартып курулуш техникаларына чейин өздөрүнүкүн колдонушат.  Жаңы мектептин имараты кыйроо (авариялык) абалында турган Навои атындагы мектептин ордуна салынат.

                     СНХ.К.ШАДЫКАНОВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 21-июнда кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй: + 28…+33; Талас:+ 27…+32; Ош, Жалал-Абад, Баткен +30…+35 градус ысык болот. Ысык-Көл, Нарын:+ 25…+30, бийик тоолуу райондордо 10…15 градус жылуу болот.  Бишкек шаарында бүгүн, 21-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы +31…+33 градус ысык болот.

Көрүүлөрдүн саны : 677

Окшош жаңылыктар