ЖАҢЫЛЫКТАР 20.06.17.

20-06-2017 10:02

Бүгүн, 20-июнда Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлорун талкуулайт. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын  Улуттук Кызыл Ай Коому жөнүндөгү» мыйзам долбоорун болсо экинчи окууда карайт. Ал эми кечээ, 19-июнь күнү ушул эле мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өткөн эле.

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет дагы бүгүн, 20-июнда кезектеги олтурумуна чогулат. Анда «Электр энергетикасы жөнүндөгү» мыйзам долбоору экинчи окууда талкууга коюлат. “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбооруна болсо Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик  түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет көңүл бурат.

Ишкердикке колдоо көрсөтүүдө психологиялык жактан көтөрмөлөөнүн орду өзгөчө. Анткени, ишкердик чөйрөсү мамлекетти багып келе жаткан кирешелүү тармак. Бирок анын ордун белгилөөнүн, экономиканы өнүктүрүүнүн ордуна ортомчу болуп бюджетти толтурууга күч үрөгөн тараптар бар. Эң башкысы карышкырдын койго үстөмдүк кылгандай абалга жол бербеши керек, - дейт Төрага Чыныбай Турсунбеков ишкердик боюнча кеңештин 3-жыйынында.

                         СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Аскар Сыдыковдун айтымында, туризмди өнүктүрүүнүн бир жолу авиабилеттердин жеткиликтүүлүгү. Ошондой эле электрондук визалар багыты да жолго коюлуш керек,- дейт ал ЖК Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин кезектеги жыйынында.

                        СНХ.А.СЫДЫКОВ

Туризм индустриясын өнүктүрүүгө бардык тармактар биргелешип жардамдашышы керек. Азыркы учурда туризм департаманетинде 7 кишинин иштеп жаткандыгы аябагандай эле уят нерсе. Куру дегенде туризм батыгын атайын министрлик тескеши керек эле,- дейт депутат Абдумажит Юсуров.

                        СНХ.А.ЮСУРОВ

Мугалим болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан агай-эжейлердин алган азыркы пенсиясы орточо  4,5 – 5 миң сомду түзөт. Инфиляцияны эске алып бул жагдайды реформалоого туура келет. Ошондуктан, 20 жыл иштеп пенсияга чыккан педагогдордун пенсиясын 10 миң, 25 жыл иш тажрыйбасы барлардын пенсиясын 12,5 миң сом кылып белгилөө демилгеси көтөрүлүүдө, -дейт депутат Дастан Бекешев. Бул тууралуу даярдалган мыйзам долбоорун Бюджет жана каржы комитети кечээки жыйынында колдоп берди. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 млрд. сомдон ашык каражат талап кылынат.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде “Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактардын породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга, сатууга даярдоого, пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды. Демилгечилердин бири Рада Туманбаеванын айтымында, өзгөчө баалуу дарактарды кыюуга каршы 2007-жылы киргизилген мораторийдин мөөнөтү ушул жылдын февраль айында бүткөн. Мораторийди 2030-жылга чейин узартуу аркылуу жаӊгак жана арча токойлорун сактоо менен гана чектелбестен, аянтын чоӊойтууга шарт түзүлөт. Андан тышкары, 1 түп кыйылган баалуу дарактын ордуна 100 түп дарак отургузуу талабы да киргизилүүдө. Бирок, өкмөт өкүлдөрүнүн өтүнүчү менен ал сан 10го чейин кыскартылды. Алардын пикиринде, 100 түп өтө эле көптүк кылат.  Депутат Экмат Байбакпаев баалуу дарактарды паспорттоштуруп, ар дарак боюнча маалыматтын сакталышын камсыз кылуу чарасын сунуштады.

                        СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+25…+30, Талас:+24…+29 градус жылуу болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен:+30…+35 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл:+ 21…+26, Нарын:+ 20…+25 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо 7…12 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 20-июнда  өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +27…+29 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 640

Окшош жаңылыктар