Депутат Экмат Байбакпаев: «Чакан ГЭСтерге тендер жарыялоодон мурун, жер маселесин чечип алуу зарыл»

19-06-2017 12:31

Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 7-июнундагы П № 140-VI протоколдук тапшырмасы каралып, 14 чакан ГЭСтин 11 ГЭСин куруу үчүн өткөрүлүп жаткан тендерлердин тартиби талкууга алынды.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда чакан ГЭСтерди курууга тендер жарыяланып, анын биринчи этабына алты компания катышуу тууралуу ниетин билдирген. Алардын бешөө тандалып алынып, экинчи этапка өткөрүлдү. Экинчи этапта ал компаниялардын мүмкүнчүлүктөрү каралат.

Комитет мүчөлөрү чакан ГЭСтерди курууга тендер жарыялоодо жер маселеси чечилбей жатканына токтолушуп, тез арада жерди берүү механизмин иштеп чыгуу керектигин белгилешти. Алсак, депутат Экмат Байбакпаев Кыргызстандагы жерлер көп мекемелерге таандык экендигин билдирип: "Токой, суу фондуларынан тышкары, жеке, мунипиалдык жана башкалардын менчигиндеги жерлерге ГЭС курууда алардын баарынан уруксат алуу үчүн эле көп убакыт жана түйшүк талап кылынат. Андыктан, алгач жер тилкелерин аныктап, укуктук жактан даярдап алгандан кийин гана тендерге коюу маселесин жөнгө салышыбыз керек", - деди.

Андан тышкары, жыйында ГЭС курууга кеткен каражатты кайтарып алуунун мөөнөтүн так көрсөтүү менен ГЭСтин андан аркы жагдайын да унутта калтырбоо зарылчылыгы айтылды. Ошондой эле депутаттар сугат сууга эч кандай таасир бербеши керектигин белгилешип, ГЭСтерде өндүрүлүүчү энергияны сатып алуу маселелерин да талкуулашты.

Белгилей кетсек, бир чакан ГЭСти курууга 20-25 млн доллар талап кылынат. Каралып жаткан 14 ГЭС Кыргызстандын жалпы энергокеректөөсүнүн 6 пайызын жабууга тийиш. Алардан өндүрүлгөн электр энергиясынын 1 квт-сааты бөлүштүрүүчү компанияларга 4,7 сомдон сатылмакчы.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 272

Окшош жаңылыктар