Кызыл-Кыя шаарынын суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү багытында 7 млн евро алынууда

19-06-2017 10:50

Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети КР Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Европа бирлигинин ортосундагы насыялык макулдашуу долбоорун дароо эле үч окууда жактырды.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, инвестициялык каражат Кызыл-Кыя шаарынын суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү багытында жумшалат. Каржынын жалпы көлөмү - 7 млн евро, анын ичинде 3,5 млн евро гранттык каражат, калган бөлүгү жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Төлөө мөөнөтү – 15 жыл жана 25 жыл.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 580

Окшош жаңылыктар