ЖАҢЫЛЫКТАР 19.06.17.

19-06-2017 08:34

Бүгүн, 19-июндагы Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору да үчүнчү окууга чыгарылат. «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү тууралуу» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да экинчи окууда талкууланат.

Ушул эле бүгүнкү күндүн дагы бир маанилүү иш чарасы болуп, бүгүн 19-июнда өтө турган  «КР Улуттук Кызыл Ай коому жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу. Мыйзам долбоору депутаттар  Т. Зулпукаров, А.Баатырбеков, Б.Сулейманов, К.Рыспаев, А.Токторов, У.Примов, К.Бокоев, О.Артыкбаев, Р.Казакпаев, Т.Шайназаров, М.Бакиров, М.Жеенчороев, А.Жамангулов жана А.Жапаров тарабынан демилгеленүүдө.  

Азыркы учурда Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолунун курулушу 65 пайызга аткарылды. Бул тууралуу КСДП фракциясында жолдорду куруу жана оңдоо жаатындагы абал жөнүндө маалымат угулуп жатканда белгилүү болду. «Жолдун курулушу 2 фазадан турат. Биринчи фазада 400 млн доллар көлөмүндөгү жумуштар жасалууга тийиш. Буюрса, жылуу мезгилде жолдун Сузактан тоннелге чейин жана тоннелден Казарманга чейинки бөлүгү асфальтталып бүтөт. Бирок, калыӊ кардан улам жер көчкү жүргөндүктөн, айрым бир кыйынчылыктар бар, азыр тазалоо иштери жүрүүдө», - дейт Транспорт жана жолдор министри. Депутат Карамат Орозова автожолго өтө чоӊ көлөмдөгү насыя каражаттары тартылып жаткандыктан, негизги канжолдорду жолакы төлөө аркылуу күтүү зарылдыгын белгиледи. «Жол насыя каражаттарына салынгандыктан, бара-бара ал өзүн акташы керек. Жолду негизинен оор жүк ташуучу автомашиналар бузууда, алар ошого тете акы төлөсүн», - дейт эл өкүлү.

                              СНХ.К.ОРОЗОВА

Депутат Алтынбек Жунус уулу Нарын облусунун Нарын районундагы Кара-Кужур айыл өкмөтүнө караштуу Лахол, Жер-Көчкү айылдарынын көйгөйлөрүн тизмектеди. Анын айтымында, аталган эки айылга бара турган жолдогу көпүрө өтө оор абалда. Жүк ташыган автоунаалар бул көпүрөгө келгенде жүктөрүн бөлүп-бүлүп ташууга аргасыз. Болбосо көпүрө түшүп кетүүсү толук мүмкүн, - дейт депутат.

                             СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

Депутат Зиядин Жамалдинов КР Өкмөтү кышка даярдыктардын жүрүшү боюнча маселени талкуулап, анда Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) кайра эле Казакстандан көмүр алуу жагы каралгандыгын маалымдады. Эл өкүлү өкмөт өткөн жылы Бишкек ЖЭБинде 380 миллион АКШ долларына реконструкция жүргөндүгүн, эми ЖЭБ атамекендик көмүргө да ылайыкташтырылганын, ага ылайык, көмүр менен камсыздоодо атамекендик көмүр өндүрүүчүлөргө басым жасала тургандыгын маалымдаганын белгиледи. “Атамекендик көмүр өндүрүүчүлөрдү колдобосок, бюджет кантип толтурулуп, экономикада кандай жылыштар болот?”,- дейт З.Жамалдинов.

                             СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

КСДП фракциясы туризм маселесин карап, туристтерди кызыктырчу маселеге биринчи болуп көңүл бурулуш керек,- дешти. Мисалы, фракциянын лидери Иса Өмүркулов сырттан келген туристтердин айрымдарын кооз жаратылыштагы жан-жаныбарлар кызыктырышы мүмкүн. Бирок, мисалы Сары-Челектен кандай жаныбарлардын түрлөрүн кезиктирүүгө болот деген суроого жоопту эч жерден таппайсың. Бардык жердин маалыматтары ачык-айкын жазылыш керек,- деп билдирди.

                            СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Бүгүн, 19-июндан тартып Кыргызстанда лото кумар оюндарына тыюу салынат. Анткени, “Лотерея иштерин жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, жакында эле ага мамлекет башчысы тарабынан кол коюлган. Бул жагдайга депутат Төрөбай Зулпукаров кайрылып борбор калаада лотерея иштери улантылып жатканын белгилеп, мыйзамдын аткарылышы боюнча көрүлүп жаткан чараларды күчөтүүнү КР Өкмөтүнө  тапшырды.

                            СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19-июнда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+ 30…+35 , Ош, Жалал-Абад, Баткен:+31…+36 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл, Нарын: +24…+29 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо +12…+17 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 19-июнда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы +32…+34 градус ысык болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 655

Окшош жаңылыктар