Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков Ооганстан парламентинин спикерлерине Кабулдагы жардырууга байланыштуу көңүл айтуу жөнөттү

16-06-2017 17:25

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ооганстан Ислам Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Волеси Жиргасынын Төрагасы Абдул Рауф Ибрагимиге жана Улуттук Ассамблеянын Мешрану Жиргасынын Төрагасы Фазль Хади Мослемйарга Кабул шаарындагы көптөгөн адамдардын өмүрүн алган жардырууга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Төмөндө Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбековдун көңүл айтуу текстин келтиребиз:

Үстүбүздөгү жылдын 15-июнунда Кабул шаарында болгон террордук актыдан улам калк арасында көптөгөн бейкүнөө адамдардын курман болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасы терроризмдин баардык көрүнүштөрүн чечкиндүүлүк менен айыптайт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан, каза болгондордун туугандары менен жакындарына кайрат айткан сөздөрүмдү жана бул кырсыктан жапа чеккендердин баарына тез сакайып кетишине болгон тилектеримди жеткирип коюуңузду өтүнөм.

Терең кайгыруу менен,

                                                                                                          Чыныбай Турсунбеков”

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 144

Окшош жаңылыктар