ЖАҢЫЛЫКТАР 16.06.17.

16-06-2017 09:23

Бүгүн, 16-июнда КР Жогорку Кеӊеш Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин кезектеги жыйыны болот. Жогорку Кеӊештин Регламентин жакшыртуу, айрыкча жөнгө салуучу таасирин талдоого алуу, коомдук жана парламенттик угуу өткөрүү, мыйзамдарды кабыл алуудагы бардык иштерге бизнес өкүлдөрүн тартуу, парламент менен бизнестин өз ара алакасын автоматташтыруу, кызмат көрсөтүүлөрдүн жаӊы түрлөрүнө берилүүчү ыктыярдуу патенттердин тизмесине толуктоолорду киргизүү жолу менен тексттиль тармагын колдоо (трикотаждык жана текстилдик материалдарды өндүрүүчү жана тигүүчү ишканалар менен тигилген жана байпак кийимдерин өндүрүүчүлөрлөргө кызмат көрсөтүү) тууралуу маселелер каралат. Андан тышкары, жумушчулардан милдеттүү медициналык камсыздоо үчүн камсыздандыруучу төгүмдөрдүн тарифтик ставкасын 2%га көтөрүү максатындагы мыйзамдардын аткарылышын жакшыртуу боюнча маселелер да күн тартибине киргизилген.    

Жогорку Кеңеш кечээки, 15-июндагы жыйынында Эсептөө палатасынын 2016-жылдагы иши жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчётун угуп, канааттандырарлык деп тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому да кабыл алынды. Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун айтымында, 2016-жылы Эсептөө палатасын тарабынан 3051 аудиттик объектиге текшерүү жүргүзүлгөн. Анын ичинде 2263 бюджеттик мекеме, 399 чарба жүргүзүүчү субъект, 355 жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме-уюм бар. Ал эми өткөн жылдагы текшерүүлөрдүн натыйжасында, жалпы суммасы 2,6 млрд сомду түзгөн каржы тартибин бузуулар аныкталып, анын 1,1 млрд сому калыбына келтирилген. Талкуу жүрүшүндө Эсептөө палатасынын аудиторлорунун санын 3кө түшүрүү боюнча сунуштар берилди.

Бүгүн, 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындар залында калкты байытылган ун менен камсыздоо темасына арналган парламенттик угуу өткөрүлөт. Анын максаты -  калкты байытылган ун менен туруктуу жана кеӊири кымсыз кылуунун биргелешкен жолдорун иштеп чыгуу болуп саналат. Ундун байытылышы калк арасында аз кандуулуктун темир дефицитинин деңгээлин жана нерв түтүкчөсүнүн тубаса оорусунан жабыркаган балдардын санын 70%га төмөндөтөт.

                       СНХ.О.АРТЫКБАЕВ

Ошол эле унду байытууну демилгелеген парламенттик угуунун сунуштамасынын долбоорунда ата мекендик ун өндүрүүчүлөргө кошумча нарк салыгынын ченемин нөлдүк ставка менен белгилөө жактары Экономика министрлигине, Бажы жана чек ара кызматтарына даректелүүдө.  Ал эми депутат Кенжебек Бокоев болсо буудай азыктарына кошумча нарк салыгы колдонулса деп мыйзам демилгелеп жатат.

                       СНХ.К.БОКОЕВ

Депутат Мирлан Жээнчороев Бишкек шаарында анклав болуп жайгашып калган Чүй облусуна тиешелүү жаңы конуштарды шаарга которуу маселесин 2-3-жылдан бери көтөрүп келе жатканына карабай эч ким көңүл бурбай, жоопкерчилик албай жатканын белгиледи.

                      СНХ.М.ЖЭЭНЧОРОЕВ

Кыргызстанда жарандыгы жокторду жана чет өлкөлүк жарандарды каттоо маселесин жөнөкөйлөштүрүү зарылдыгын айткан депутат Иса Өмүркулов аталган негиздердин себептерин чечмелеп берди.

                      СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Депутат Бакирдин Субанбеков Чүй облусунун Жайыл районунда коллектордук- дренаждык тутумдар тазаланбай, жер астынан суу көтөрүлүп, тамдардан жаракалар кетип жергиликтүү тургундарга бир топ көйгөйлөр жаралып жатканына токтолду.

                      СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16-июнда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: +25...+30 Ош, Жалал-Абад Баткен: +28...+33, Ысык-Көл, Нарын: +19...+24 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 16-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +28...+30 градус жылуу болот.
 

 

Көрүүлөрдүн саны : 498

Окшош жаңылыктар