Жогорку Кеӊеш Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин кезектеги жыйыны болот

15-06-2017 10:33

Жыйындын күн тартибинин алкагында Жогорку Кеӊештин Регламентин жакшыртуу, айрыкча жөнгө салуучу таасирин талдоого алуу, коомдук жана парламенттик угуу өткөрүү, мыйзамдарды кабыл алуудагы бардык иштерге бизнес өкүлдөрүн тартуу, парламент менен бизнестин өз ара алакасын автоматташтыруу, кызмат көрсөтүүлөрдүн жаӊы түрлөрүнө берилүүчү ыктыярдуу патенттердин тизмесине толуктоолорду киргизүү жолу менен тексттиль тармагын колдоо (трикотаждык жана текстилдик материалдарды өндүрүүчү жана тигүүчү ишканалар менен тигилген жана байпак кийимдерин өндүрүүчүлөрлөргө кызмат көрсөтүү) тууралуу маселелер каралат.

Андан тышкары, жумушчулардан милдеттүү медициналык камсыздоо үчүн камсыздандыруучу төгүмдөрдүн тарифтик ставкасын 2%га көтөрүү максатында сунушталган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи тууралуу", "КР жарандарын медициналык камсыздандыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланат. Ошондой эле, "КР мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу! мыйзамынын аткарылышын жакшыртуу боюнча маселелер да күн тартибине киргизилген.    

Жыйынга Жогорку Кеӊештин фракцияларынын, тармактык комитеттердин, министрлик менен мекемелердин, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышат.

Эске салсак, аталган Кеӊешти Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жетектейт. Анын орун басарлыгына депутат Абдывахап Нурбаев жана КР Соода-өндүрүш палатасынын президенти Марат Шаршекеев дайындалган.

Кеӊештин башкы максаты - өлкөнүн ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, инвесторлорду тартуу жана Кыргызстандагы ишкерчилик ишмердүүлүгүн жогорулатуу. Тагыраак айтканда, аталган Кеӊеш ишкерчиликти жөнгө салган мыйзамдарга сунуштама берүүчү, бизнес чөйрөсүнө байланышкан нормативдик-укуктук актыларга мониторинг кылуу менен талдоо жүргүзүүчү аянт болуп саналат.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 114

Окшош жаңылыктар