ЖАҢЫЛЫКТАР 15.06.17.

15-06-2017 09:26

Кечээ, 14-июнда Төрага Чыныбай Турсунбеков БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун (ЮНИДО) башкы директору Ли Йонг менен жолугушту. Тараптар өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, байланыштарды мындан ары да кеӊейтүү тууралуу пикир алмашты.Төрага Чыныбай Турсунбеков акыркы жети жылдан бери демократиялык өнүгүү жолун тандап алган Кыргызстанда экономикалык өсүш ырааттуу түрдө жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал 2040-жылга чейинки мамлекеттин туруктуу өнүгүү стратегиясы иштелип жатканын айтып, аталган стратегиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан "Таза коом" долбоору сунушталып, электрондук өкмөттү түзүү жана өлкөдөгү ачык айкындуулукту камсыздоо максаты коюлгандыгын маалымдады. Өз кезегинде ЮНИДОнун башкы директору Ли Йонг Борбор Азиядагы демократиялык жетишкендиктери аркылуу өзгөчөлөнгөн Кыргызстан менен кызматташуу уюмдун башкы максаты экендигин белгиледи.

Бүгүн, 15-июндагы жыйынында парламент адаттагыдай эле  адеп “Ар кандай маселелер” саатына кайрылат.  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчёту каралат. Ошондой эле  “Электрондук башкаруу жөнүндө”,  “Электрондук кол тамга тууралуу” мыйзам долбоорлору да үчүнчү окууда талкууланат. “Медициналык багыттагы буюмдар тууралуу” мыйзам долбоору да экинчи окууда каралмакчы. Андан сырткары  “Дары каражаттары жөнүндөгү” мыйзам долбоору да бул жолку олтурумдун маанилүү суроолорунун бири. Бул багытта негизги маалыматтар менен тааныштырып, микрофондо КР Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармектердин улуттук базасын түзүү боюнча координатору Нургүл Аднаева.

                            СНХ.Н.АДНАЕВА

“Акылдуу эсептегичтерди” орнотуу иштерин колдой тургандыгын билдирген депутат Дастан Бекешев ошол эле мезгилде аталган жабдыктардын насыяга алынып жаткандыгын белгилеп, алган карыз акчанын башка бир мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө жумшалып жаткандыгына капачылыгын да билдирди.

                            СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Депутат Мыктыбек Абдылаев өлкө президенти олтурган Ак үй менен Жогорку Кеңеш жайгашкан имарат бирөө эле. Бирок, ошол имаратта бир гана мамлекеттик туунун илинип турушу кандай? – деген суроону койду. Ошол эле учурда депутат Ак үйдүн чыгыш жана батыш тараптарына мамлекеттик тууну илип койсок мамлекеттик символикалар тууралуу мыйзамга дал келет,- деп дагы сунуштады.

                           СНХ.М.АБДЫЛДАЕВ

Эмгекке жарамдуулук төмөндөп, ал эми жаш балдар арасында 6 айдан 2 жашка чейинки балдардын арасында витаминдердин жетишсиздиги кескин байкалууда. Эл аралык көрсөткүчтөр менен салыштырган мисалдарды келтирген депутат Экмат Байпакбаев.

                           СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ

Эртең, 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындар залында калкты байытылган ун менен камсыздоо темасына арналган парламенттик угуу өткөрүлөт. Анын максаты -  калкты байытылган ун менен туруктуу жана кеӊири кымсыз кылуунун биргелешкен жолдорун иштеп чыгуу болуп саналат. Бул маселени талкуулоонун натыйжалары боюнча аз кандуулуктун деңгээлин жана өнүгүүнүн тубаса ооруларын төмөндөтүүгө багытталган сунуштар иштелип чыгат. Байытылган ун организмде темир, цинк жана фолий кислотасынын жетишсиздигинин алдын алуунун бирден бир арзан жана натыйжалуу методдору болуп саналат. Ундун байытылышы калк арасында аз кандуулуктун темир дефицитинин деңгээлин жана нерв түтүкчөсүнүн тубаса оорусунан жабыркаган балдардын санын 70%га төмөндөтөт.

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 15-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: +23...+28, Нарын:+17...+22, Ысык-Көл:+18...+23, бийик тоолуу райондордо +7...+12 градус жылуу болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен: +27...+32 градуска чейин ысыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 15-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 15-20 метрге чейин  жетет. Абанын температурасы +26…+28 градус жылуу болот.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 405

Окшош жаңылыктар