ЖАҢЫЛЫКТАР 29.06.16.

29-06-2016 08:37

Төрага Чыныбай Турсунбеков кечээ, 28-июнда Кыргыз Республикасындагы Германиянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Петер Шольцту кабыл алды.  Жолугушууда тараптар эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги жана парламенттер аралык диалог маселелери талкууга алып, эл аралык актуалдуу көйгөйлөр тууралуу пикир алмашты. Ч.Турсунбеков эки өлкө ортосундагы жогорку деңгээлдеги кызматташууга канаттанганын билдирди. Төраганын айтымында Кыргызстан Германияны Европадагы өтө маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү катары карайт. “Өлкөлөр ортосундагы карым-катнаш эки жактуу мамилени активдештирүүгө жана толуктоого шарт түзөт. 2012чи жана 2015-жылдардагы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Германияга болгон расмий иш сапарында, Германиянын Кыргызстанга болгон жылуу мамилеси билинди”, – деди ал.Кезегинде П.Шольц Ч. Турсунбековду Төрага кызматына шайланышы менен куттуктап, Германия Кыргызстанда парламенттик демократиянын курулушун колдойт деп белгиледи.Элчи: “Түзүлгөн саясий диалогдор эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына шай келет. Ошондой эле маданий – гуманитардык мамилелер да жогорку деңгээлде болууда. Бирок, биз сөзсүз түрдө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө күч жумшашыбыз керек. Биз Кыргызстан менен ачык диалог жүргүзүүгө даярбыз”,– деп кошумчалады.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Өкмөттүн  курамына киргизүү үчүн Премьер-министр С.Жээнбеков тарабынан сунушталган талапкерди жактыруу маселеси каралат. Аталган кызмат ордуна Жеңиш Раззаковдун кандидатурасы көрсөтүлүп, аны такмактык комитет жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгууда.Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн айрым маселелери тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору да каралмакчы. Ошондой эле бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору менен сот тармагына жана мамлекеттик сыйлыктарга мүнөздүү болгон маселелер дагы парламентин бүгүнкү жыйынында талкууга коюлат.

Өлкөнүн окуу жайларына көп тилдүү билим берүүнү киргизүү  маселеси көтөрүлүүдө. Аны Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети талкуулап, жактырды. Ошол эле учурда комитет Бишкек шаарындагы кыргыз тилиндеги мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим сапатын аныктоо тапшырмасын тиешелүү министрликке табыштап, кыргыз тил жана адабият сабактарын окуткан мугалимдердин айлык акыларын 25%га жогорулатууну сунуштады. Демилгечи депутат Талант Мамытовдун баяндашынча, мамлекет тарабынан үч тилди өнүктүрүүдө көбүнесе декларативдик мүнөздөгү чаралар колдонулуп, күтүлүүчү натыйжалар болбой жатат. “Бүгүнкү күндө кыргыз тили эне тили болбогон Кыргызстандын жарандарынын 10 пайызы гана мамлекеттик тилде сүйлөй алат. Өлкөбүздүн калкынын жарымынан азы гана орус тилинде эркин суйлөйт. Англис тилин кыргызстандыктардын болгону бир пайызга жакыны билет. Маселенин актуалдуулугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасында жалпы билим берүү мектептеринин башталгыч класстарынан баштап мамлекеттик, расмий жана бир чет тилин үйрөтүү боюнча Жол картасы форматындагы кеңейтилген, такталган иш планы Өкмөт тарабынан кыска мөөнөттө даярдалып чыгышы абзел”,- дейт депутат Т.Мамытов.

                                   СНХ.Т.МАМЫТОВ

Тармактык комитеттин төрагасы  Садык Шер-Нияз башканы коюп, эне тилибизди алалы, анын азыркы абалы Бишкектин көрсөткүчү менен алганда жыргап кеттиби?- деген суроону койду.

                                   СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ

Депутат Евгения Строкова,-“Кыргыз тилин үйрөнүүгө каалоо менен муктаждыктан тышкары, окутуунун заманбап усулдары колдонулуш керек”,- дейт. Ошондой эле ал, балдарын мектептерге берүүдө ата-энелердин тандоосу дагы бул жерде көпчүлүгү орус тилиндеги мектептерге ыктап жатышкандыгын көрсөтүүдө,- деп белгиледи.

                                   СНХ.Е.СТРОКОВА

Депутат Рыскелди Момбеков Манастын тилин сактап калуу биринчи кезектеги зарылчылык деп атады. Ошондой эле ал депутат Н.Никитенконун кыргыз тилинде мыкты сүйлөөрүн мисалга келтирип, демек каалоо болсо үйрөнө турган киши методика деп шылтабай эле сопсонун үйрөнүп алаарын айтты.

                                    СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Үй-бүлөлүк зомбулук кайсы коом болбосун жетишээрлик кеңири таралган көйгөйгө айланып, көпчүлүк учурда социалдык жактан аярлуу болгон үй-бүлө мүчөлөрү анын курмандыгы болуп калууда. Дүйнөлүк жана улуттук тажрыйба көрсөткөндөй, үй-бүлөлүк зомбулук болгон жагдайларда жазык жана административдик таасир көрсөтүү чаралары натыйжа бербей келет. Анткени, күнөөкөр менен жабырлануучу бири-бирине жакын адамдардан болушат жана эреже катары, жабыр тарткан тарап жазалоо чараларынын колдонулушун каалабайт. Буга байланыштуу, үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрүн, анын ичинде андай көрүнүштөрдү болтурбоо жана алдын алуу үчүн ар кандай түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүү тутумунун түзүлүшүнө багытталган атайын мыйзам зарыл. Муну колдоо керектигин айткан КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик көйгөйлөрдү жөндөө боюнча өкүлү Нургүл Бакирова буларга токтолду.

                                   СНХ.Н.БАКИРОВА

Карылар үйүнө барып, ата-энелеринин пенсиясын алып кеткен көрүнүштөр бар экендигин айтып, үй-бүлөдөгү ашкере диний билимге умтулуучулук, туура эмес тамактануу сыяктуу көйгөйлөрдү атаган депутат Карамат Орозова Өкмөттүн алдында гендер маселеси боюнча эмнеге тиешелүү жооптуу орган түзүлбөй олтурат,- дейт.

                                  СНХ.К.ОРОЗОВА

                             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 29-июнда өлкө аймагында  жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы Чүй:27...32, Ош, Жалал-Абад:30...35, Баткен:29...34 градус ысык болот. Талас:25...30, Ысык-Көл:20...25, Нарын:22...27 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 29-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы 30...32 градуска чейин ысыйт.


 

 

Көрүүлөрдүн саны : 973

Окшош жаңылыктар