ЖАҢЫЛЫКТАР 14.06.17.

14-06-2017 09:13

Парламенттин тармактык комитети ушул жылы боло турган президенттик шайлоону дайындоого байланыштуу токтомдун долбоорун жактырды. Ага ылайык, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалууда. Андан сырткары, бул документ аркылуу Өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилет. Мисалы, Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам талаптарына ылайык таза жана ачык-айкын шайлоону камсыз кылуу милдети жүктөлөт. Ошондой эле, Өкмөткө президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү жүрүшүндө мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында чараларды көрүү сындуу тапшырмалар каралган. Андан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да аймактык шайлоо комиссияларынын ишине колкабыш кылууга тийиш.Эске салсак, Конституция талаптарына ылайык, Жогорку Кеӊеш шайлоого 4 ай калганда президенттик шайлоону дайындоого тийиш. Бул маселе бүгүн, 14-июндагы парламент жыйынында каралат. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын айрым ыйгарым укуктары жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору да үчүнчү окууда каралат.  Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да үчүнчү окууда талкууга чыгат.Бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да күн тартибинен орун алган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет мамлекеттик сыйлыктарды кайрадан ыраатташтырууга багытталган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» мыйзам долбоорлорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбоорунда «КР Баатыры» наамы – эӊ жогорку артыкчылык даражасы, ордендер I категориядагы, медалдар II категориядагы, КР Ардак грамотасы III категориядагы сыйлыктар катары каралган. Андан сырткары, «Даӊк» менен «Достук» ордендерин белгилөө жана айрым наамдарды жоюу сунушталууда. «Баатыр эне» наамын ыйгаруу талабы да кыйла жумшартылууда. Мисалы, балдарынын бири мурда соттолуп, кийин соттуулугу алынып салынган болсо, анда ал энеге наам ыйгарылат», - дейт баяндама жасаган юстиция министри Уран Ахметов. Депутат Курманкул Зулушев болсо балдарынын бирөө этиятсыздыктан улам кылмыш жасаган энеге «Баатыр эне» наамы берилер-берилбесине кызыкты.

                                   СНХ.К.ЗУЛУШЕВ

Депутат Аида Салянова “Баатыр эне” наамын берүүдө балдардын санына карап жатабызбы, же алардын сапатынабы?- деген суроону койду. Депутат негизи эле балдарынын кылмышка кириптер болушу энеге эч тиешеси жок экендигин айтып, бир дагы эне баласын жаман чыксын дебейт! – деп билдирди.

                                  СНХ.А. САЛЯНОВА

Депутат Исхак Масалиев,-“Бир эле сыйлыктын кыргыздарга арналганы бир башка аталып, чет элдиктерге арналганы таптакыр башкача аталганы кандай? Мисалы бул “Достук” жана “Данакер” сыйлыктарына тиешелүү",- дейт.

                                  СНХ.И.МАСАЛИЕВ

Депутат Алмамбет Шыкмаматов балдарынын бирөө этиятсыздыктан улам кылмыш жасаган энеге «Баатыр эне» наамын берүү керектигин айтты.

                                  СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кечээки жыйынында депутаттар тобу тарабынан демилгеленген «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө» мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Баарыдан мурда электрондук башкарууну, алардын ыйгарым укуктары, электрондук башкаруу чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуу тартибине өтүүнү жөнгө салуучу органдар аныкталат.Ал эми  “Электрондук кол тамга жөнүндө” мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен ар түрдүү электрондук кол тамгаларды колдонууга, кол тамгалардын ачкычына сертификаттарды берүүгө, тастыктоочу борборлордун кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга, ошондой эле тастыктоочу борборлорду аккредитациялоого мүмкүнчүлүктөр жаралат.

                                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14-июнда айрым аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй  +28...+33; Талас:  +26...+31;Ош, Жалал-Абад, Баткен:  +29...+34 градус ысык болот. Ысык-Көл:  +19...+24; Нарын  +20...+25; бийик тоолуу райондордо  +8...+13 градус жылуу болот. ​Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамал 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +30…+32 градус ысык болот.

Көрүүлөрдүн саны : 25

Окшош жаңылыктар