Ысык-Көлдүн жээгине капиталдык курулуш курууга тыюу салуу аралыгын 300 метрге чейин көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Экологиялык коопсуздук жаатындагы КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору экологиялык кырсыктарга, табыгый флоранын жана фаунанын жок болуусуна бөгөт коюу максатында демилгеленген.

Маалымат-негиздемеге ылайык, Ысык-Көлдүн жээгине капиталдык курулуш курууга тыюу салуу аралыгынын 100 метрлик чегинен улам бир топ парктык-пляждык жерлер сатылып кеткендигин, андан улам көл жээгиндеги жаратылыш фильтрлери болгон чычырканак сындуу бир топ өсүмдүктөр кыйылып, талкаланууда. КР Улуттук илимдер академиясы дагы Ысык-Көлдү табыгый түрдө тазалоочу өсүмдүктөрдү, көлдүн ажырагыс бөлүгү болуп саналган флора, фаунаны сактап калуу үчүн керек болсо 300 метр да аздык кылаарын белгилеген.

Депутат Максат Сабировдун айтымында, бүгүнкү күндө 100 метрге чейин курулган курулуштар көл жээгине салынган обьектилердин жалпы санынын 30%ын түзөт, андыктан эми калган 70 пайыз көл жээгинин табыгый тазлоочу жаратылышын сактап калуу зарыл.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору 2-окууда жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Жыргалбек Турускулов, Акылбек Жамангулов, Мирлан Бакиров, Улан Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар