ЖАҢЫЛЫКТАР 13.06.17.

13-06-2017 09:20

Кечээ, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) координатору жана БУУӨПтүн (БУУ Өнүктүрүү программасы) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды. Жолугушуу А.Аванесовдун Кыргызстандагы миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу өттү. Бул ирет тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы өз ара кызматташтыкты арттыруу багытындагы маселелерди талкуулап, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу да пикир алмашты.

Бүгүн, 13-июнда  саат 11:00дө Жогорку Кеӊештин депутаттары Карамат Орозова менен Аида Касымалиева жаӊы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул жана үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул чегерүүгө багытталган мыйзам долбоору тууралуу маалымат беришет. Иш чарага, депутаттар Таабалды Тиллаев, Айнура Осмонова жана Алмазбек Токторовдордун да катышуусу күтүлүүдө.

Бюджет жана финансы боюнча комитет КР Өкмөтү менен Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Бишкек – Ош авто жолундагы көчкүдөн коргоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, Жапониянын гранттык каражаты Бишкек – Ош автожолунун 246-чакырымындагы кар көчкүдөн коргой турган узундугу 460 метр тоннелдин курулушуна жумшалат. Мындай тоннель жолду көчкүдөн толук коргойт. Бул багытта 38,2 млн доллар көлөмүндө грант бөлүнүүдө.

                           СНХ.Ж.КАЛИЛОВ

Аталган тармактык комитет «Жол техникаларын тейлөө мастерскойлорун өркүндөтүү» долбоору боюнча 4 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык каражат боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын да жактырды. Ал 20 жылдан бери колдонулуп келаткан жол куруу техникаларын оӊдоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу боюнча Жол картасындагы иш-чараларды каржылоо максатында, Казакстан тарабынан 100 млн доллар көлөмүндө техникалык колдоо көрсөтүү каралган. Ал бажы инфратүзүмдөрүн обьекттерин жабдууга жана техникалык жабуулоого, сыноо лабораторияларын модернизациялоого жана башка маанилүү иш-чараларга багытталат. Бирок, Экономика министрлигинин өкүлү Элдар Абакировдун айтымында, акыркы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанга акчалай жардам көрсөтүү маселеси чечилди.  

                           СНХ.Э.АБАКИРОВ

Темир жол, Мегаком, аэропорт сыяктуу ишкана-мекемелерди эсепке албаганда кайсыл мамлекеттик ишкана бюджетке жетиштүү киреше алып келип жатат? Мындай суроону депутат Төрөбай Зулпукаров мамлекеттин көзөмөлдөөчү пакети бар ишканалар тууралуу талкууда мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчилигине жолдоду.

                          СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

Депутаттар Ирина Карамушкина менен Альфия Самигуллина  кечээ, 12-июнда Аламүдүн районунун Степное айылындагы КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 мекемесине барып, анда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аялдар менен жолугушту. Алгач абактагы балдар үйү менен таанышкан депутаттар анда энеси менен кошо жүргөн алты наристеден кабар алышты. Белгилүү болгондой, Эл аралык Кызыл крест уюмунун колдоосу менен ачылган абактагы бул балдар үйү, сегиз балалуу аялга ылайыкташтырылып, баардык шарты менен курулган.  Андан тышкары, депутаттар мекемедеги тигүү ишканасына да баш багып, андагы иш-жагдайга күбө болушту. "Келечек" мамлекеттик ишканасынын филиалы катары ачылган аталган тигүү цехинин директору Фан Мэн Гундун айтымында, камактагы аялдардын жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин жумушсуз калбашы үчүн маанилүү рол ойногон бул цехте алгач аялдарды тикмечиликке үйрөтүп, андан соӊ иштөө мүмкүнчүлүгү берилет. Ал эми иштеп тапкан каражаттары аялдардын жеке кем-каржы үчүн жумшалып, калганы алардын жеке эсебине которулат.Депутат Ирина Карамушкина камактагы аялдар кылмыш кылып, жазасын тартып жатканына карабастан Кыргызстандын жараны экенин белгилеп: "Андыктан, ар бир аракетиӊерге жоопкер экениӊерди туура түшүнүү менен үйүӊөрдө күтүп жаткан жакындарыӊар жана өзүӊөрдүн мындан аркы келечегиӊер үчүн баарын кайрадан баштоого аракет кылгыла. Себеби, адамдын эӊ баалуу байлыгы - анын эркиндиги. Бирок, эркиндикти коргоо таза абийир жана мыйзамдуу жашоо менен жасалат" - деди. Ал эми абактагы аялдар жолугушуу алкагында мунапыс, сот жараяндары жана жеке камалышына байланышкан суроолорун депутаттарга узатышып, жоопторун алышты. Мындан сырткары, депутаттар экстремизм жана терроризм менен айыпталган аялдар менен да жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.Кошумчалай кетсек, аялдардын аталган абак жайында үч жүзгө жакын аял кармалып турса, алардын отуз сегизи - пенсиялык курактагылар, үчөө - жашы жете элек өспүрүм.

Кезегинде 20 жылдай педагогдук иште эмгектенип, бирок учурда кызматка жарамсыз болуп калган жарандарга пенсиясын жогорулатуу жагы сунушталууда. Бул багытта маалымат берген депутат Евгения Строкова кечээ, 12-июндагы Социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жыйынында көтөрүлүп жаткан демилгенин маанисин түшүндүрдү. Эл өкүлүнүн айтымында, эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, 20-25 жыл иштеп пенсияга чыккан мугалимдер азыркыдай 5 миң 173 сом эмес – 10 300 сом пенсия алып калышат. 25 жылдан ашык иштегендери болсо 12 933 сомдук пенсияга чыгышат. Бул эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн бюджеттен 1 млрд 140 млн. сом керектелет. Депутат Наталья Никитенко “Эмгек сиңирген мугалим” наамынын жоюлуп жатышы да мугалимдин эмгегин калыс баалабагандык болуп калаарын айтып, буга жол берилбеш керек эле, -деди.Депутат Алмазбек Токторов бир гана мугалимдердин эмес, медициналык кызматкерлердин дагы айлыгы менен пенсиясы жыргап кетпегендигин белгилеп, аларды да бирдей жогорулатуу зарылдыгын билдирди.Талкуу жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13-июнда айрым аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: +27...+32; Талас:+26...+31; Ош, Жалал-Абад, Баткен: +29...+34 градус ысык болот. Ысык-Көл, Нарын: +18...+23; бийик тоолуу райондордо +8...+13 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 13-июнда жамгыр жаап, күн күрөшү мүмкүн. Абанын температурасы +28…+30 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 363

Окшош жаңылыктар