ЖАРЫЯ: 19-июнда «КР Улуттук Кызыл Ай коому жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

19-06-2017 14:38

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Жогорку Кеңештин депутаттары  Т. Зулпукаров, А.Баатырбеков, Б.Сулейманов, К.Рыспаев, А.Токторов, У.Примов, К.Бокоев, О.Артыкбаев, Р.Казакпаев, Т.Шайназаров, М.Бакиров, М.Жеенчороев, А.Жамангулов жана А.Жапаров тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому жөнүндө” мыйзам долбоору (кир.№.6-8084/17 от 11.04.17) боюнча парламенттик угуу өткөрөт.

Убактысы жана орду: 2017-жылдын, 19-июну, саат 16-30, Чыгыш залы (1-кабат)

Талкуунун жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Мыйзам долбоору боюнча сунуштар жана пикирлерди ok_chinara@mail.ru электрондук дарекке жиберүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Иш-чарага катышууну каалоочулар 0312 -639239, 0558-590088 телефондоруна же  ok_chinara@mail.ru электрондук дареги аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүмү

Көрүүлөрдүн саны : 951

Окшош жаңылыктар