ЖАҢЫЛЫКТАР 12.06.17.

12-06-2017 08:23

Кечээ, 11-июнда Төрага Чыныбай Турсунбеков Кыргызстанга бир күндүк сапар менен келген Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Тараптар 2010-жылдан кийинки Кыргызстандагы абалды, парламенттик демократиянын өнүгүү тенденцияларын талкуулашты. Жолугушууга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, «Республика - Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов,  «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин орун басары Алмамбет Шыкмаматов, «Кыргызстан» фракциясынан депутат Дастанбек Жумабеков, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат  Мирлан Бакиров, «Бир Бол» фракциясынан депутат Жаныбек Бакчиев, ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Мирослав Енча баштаган өкүлдөр катышты.

Бүгүн, 12-июнда  Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү»  мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. «Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндөгү» мыйгамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө дагы көңүл бурулат. «Кыргыз Республикасында аялдардын жана балдардын эмгек укугун сактоо: мониторингдин натыйжасы» тууралуу  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын атайын баяндамасы да угулат. Кубат  Оторбаев ошондой эле «Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздардын укуктарын жана эркиндигин сактоо» тууралуу Акыйкатчынын баяндамасы менен дагы тааныштырмакчы. 

КСДП фракциясы өлкөнүн туризм тармагындагы абал жана жайкы туристтик мезгилге даярдык боюнча Өкмөттүн маалыматын укту. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып, фракция өкөлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.  Фракция лидери  Иса Өмүркулов туризмдин абалы тууралуу маселе кечеӊирээк каралып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал, - “Туризм тармагынын өлкөнүн экономикасы үчүн мааниси өтө зор, биз муну эстен чыгарбашыбыз керек. Ошондуктан, ар бир келип жаткан туристтерди өз алдынча коё бербей, аэропорттон маданияттуу тосуп алып, кайра узатып коюу салтын калыптанлыруу керек. Алардын коопсуздугун кароо дагы негизги милдеттердин бири”, - деди.

                          СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Туристтердин агымынын басаӊдашынын себептерине кайрылган Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Азамат Жаманкулов өткөн жылы андан мурдагы жылга караганда бир аз болсо да туристтер көбүрөк келгенин билдирди. Былтыр туризмден 21 миллиард сом киреше кирген, ал эми туризмди өнүктүрүүгө өкмөт 7 миллион сом бөлүптүр. Кирешеси миллиард болсо, бөлгөн каражаты миллион болууда,- деген салыштырууларды депутат Рыскелди Момбеков мисалга келтирди.

                          СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдүн  бириктирилген долбоорун 2-окууда кабыл алды. Буга чейинки мораторийдин мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын февраль айында бүтүп отурат. Ошондуктан, аталган мыйзам долбоору аркылуу жогорудагы мораторийди узартуу жагы сунушталууда. Маселе тармактык комитетте 2-окууда талкууланганда кыйылган 1 даана өзгөчө баалуу дарактын ордуна 100 даана дарак эгүү жагы демилгеленген. Ал эми ордо калаа ичиндеги кыйылган бак-дарактар  эрежеге ылайык  эмерек жасоого жана  отунга пайдаланылат.  Алар ар бир райондун  социалдык колдоосунда турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилет. Бул тууралуу Биринчи май райондук жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасынын өкүлү Жаныбек Жумалиев билдирди.

                          СНХ.Ж.ЖУМАЛИЕВ

Өткөндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында бөйрөк оорусунан жабыркагандар үчүн атайын гемодиализ борбору бир катар бийлик жетекчилеринин катышуусунда ачылган. Бирок, аталган борбордун штаттык бирдиктери карала элек. “Даярдап берген оорукананы дагы врачтар менен камсыздай албай жатабызбы?” - деген маселени депутат Таабалды Тиллаев КР Өкмөтүнүн маалымдап, бул борборду ачып берген ишкерге мамлекет тарабынан көңүл бурулуусу зарыл экенин билдирди.

                         СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев соода-логистикалык борборлорго, МТС менен кооперативдерге алар бутуна толук туруп алгычакты салык жагынан каникул берилиши керек деген суроону “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында көтөрдү.

                        СНХ.Т.КОНУШБАЕВ  

Депутат Азизбек Турсунбаев бүгүнкү күндө коомчулук үчүн спайс – синтетикалык маңзат өтө коркунучтуу болуп жатканынан коңгуроо какты. Бул боюнча калк арасында туура түшүндүрүү иштерин кеңири жайылтууну зарыл,- дейт депутат.

                        СНХ.А.ТУРСУНБАЕВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 12-июнда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет.  Абанын температурасы  Чүй, Талас: +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+29...+34,  Ысык-Көл, Нарын: +18...+23, бийик тоолуу райондордо + 8...+13 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 12-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы  +28...+30 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 497

Окшош жаңылыктар