ЖАҢЫЛЫКТАР 09.06.17.

09-06-2017 09:07

КСДП фракциясы бүгүнкү, 9-июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасындагы туристтик тармактагы абал жана жайкы туристик сезонго даярдык тууралуу маселени карайт. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова баштаган өкмөттүн бир топ министрликтер менен ведомстволорунун өкүлдөрү туризм тармагына тиешелүү суроолорго жооп беришет.

“Кыргызстан” фракциясынын олтурумунда болсо “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2016-2017жж. ишмердүүлүгү тууралуу маалымат дагы угулмакчы.

Казакстандын кайсыл бир компаниясынын каржысын көбөйткөнгө эмес, өз ата мекенибиздин өндүрүшүн көтөргөнгө карууну казык кылып иштесе болот. Ошол сырттан алган унга кеткен канча жылдап чогулган акчанын ордуна Балыкчы-Кара-Кече темир жолун куруп койсо эбак болмок,- дейт Төрага Чыныбай Турсунбеков  кечээ парламенттеги буудайды алып кирүүгө кошумча нарк салыгын киргизүү маселеси талкууланып жатканда.

                                   СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Россияда кабыл алган чечимге ылайык, эми андагы айдоочулук кесипти аркалаган мигранттардын абалы бир топ татаалдашчудай болуп калды. Себеби, алар колдонуп келген эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк таанылбай турган болду. Ошондуктан, тиешелүү сынактарды тапшырып, айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштырууга туура келүүдө. Мындай маселени депутат Айнуру Алтыбаева айтып чыкты.

                                   СНХ. А.АЛТЫБАЕВА

Депутат Улукбек Ормонов дагы кесиптешинин пикирин улап, кыргыз-орус мамлекеттеринин ортосунда жогорку окуу жайлардын дипломдор таанылса, ал эми айдоочулук күбөлүккө келгенде эмнеге маселе жаралыш керек? - дейт.

                                   СНХ.У.ОРМОНОВ

“Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынын тарыхында биринчи жолу 150 вагон сатып алууга тендер жарыялангандыгына депутат Мирлан Бакиров кайрылды. Бул тендерде арзан баа сунуштаган компания эмес, кымбат кызмат көрсөткөн компаниянын утуп жаткандыгы кандайча болгондугун тактаган эл өкүлү төмөндөгүлөргө токтолду:

                                   СНХ.М.БАКИРОВ

Билим берүү системасынын айрым кызматкерлерине акы төлөөдө 30-40 жыл иштеген мугалимдерди бакалавр даражасы менен теңештирип коюу туура эместигин Айнура Осмонова айтып чыкты.

                                  СНХ.А.ОСМОНОВА

Май мак айылы кезегинде шаар тибиндеги айыл статусун алып гүлдөп тургандыгын эске салган дептутат Рыскелди Момбеков,- азыр ал айылды таанып болбойт, бардыгы кароосуз калган,- дейт. Кыргыз өкмөтү буга көңүл буруп, ыкчам чара көрүшү керек. Болбосо, аталган айылда эл деле калбай калды, жумуштун жоктугунан басымдуу бөлүгү мигрант болуп Россия, Казакстанга чыгып кеткен,- деди эл өкүлү.

                                  СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Айрым өлкөлөрдө Ыйык Рамазан айынын ар 15-күнүндө кайрымдуулук иштери жасалат экен. Депутаттарга келген кайрылуулардын жарымы жардам сураган жарандардан түшөт. Азыр Орозо айынын 15-күнү болуп калды, баарыӊыздарды муктаж болгон адамдарга соопчулук ишин жасоого чакырам,- дейт депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеӊеш жыйынында.

                                  СНХ.Т.ИКРАМОВ                                                

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Алия Назымова тааныштырат.

                                         ТАСМА                             

                              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 9-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+28...+33 Ош, Жалал-Абад, Баткен: 30...35 градус ысык болот. Ысык-Көл жана Нарын областтарында 20...25 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 9-июнда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы +30...+32 градуска чейин ысыйт. 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 365

Окшош жаңылыктар