ЖАҢЫЛЫКТАР 08.06.17.

08-06-2017 08:41

Жогорку Кеңеш бүгүн, 8-июндагы жыйынында  Ар кандай маселелер саатында шайлоочулар коюп жаткан суроо-талаптарды карайт. Ошондой эле  “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине” сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карайт.  “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору да экинчи окууда талкууга чыгат. “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндөгү” мыйзамына да өзгөртүүлөр кошумчаланууда. Бул маселе да экинчи окууда каралат. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматтык турак үйү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун болсо депутат Ирина Карамушкина сунуштоодо. 

Насыя алуучу карызын кайтара албай калган учурда, банктарга же күрөөканаларга насыя үчүн күрөөгө коюлган мүлк соттун чечими менен базар баасы аныкталгандан кийин банктын же күрөөкананын карамагына алынышы шарт. Мындай эреже депутаттар тобу тарабынан демилгеленип жаткан "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорлору аркылуу сунушталууда.Аны парламент кечээ 1-окууда кабыл алды. Демилгечилердин бири Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, мындай өзгөртүүлөр насыя алуучуну жоопкерчиликтен кутултуу үчүн эмес, тескерисинче, карыз төлөө маданиятын калыптандыруу максатында иштелип чыккан.

                                 СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору парламенттин кечээки жыйынында 1-окууда жактырылды. КР юстиция министри Уран Ахметовдун айтымында, мыйзам долбоору жеке идентификациялык номерди берүүнү жөнгө салуучу нормалар бөлүгүндө мыйзамдарды өзгөртүүгө туура келүүдө. Буга объективдүү себептер келип чыккан учурлардын таасир этиши мүмкүн. Ошол объективдүү себептерге жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленген учурларда туулган датасы өзгөрүлгөн, эки же андан көп жарандын жеке идентификациялык номери, иреттик жана контролдук сандары окшош болгон, ыйгарылган жеке идентификациялык номеринде ката кетип калган учурлар кирет. Талкууда депутат Дастан Бекешев өз маалында Социалдык фонддун кызматкерлеринин жеке идентификациялык номерди берүүдө ката кетиргендиктеринен улам учурда көптөгөн жарандарда көйгөйлөр жаралып жаткандыгын белгилеп, мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

                                СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Агрардык  саясат боюнча комитетинин  депутаттары   породасы баалуу делген  дарактарды  кыюуга  мораторийди 2030-жылга чейин  узартууну сунушташууда. Анткени,  2007-жылга чейин Кыргызстандын токойлорунда жыш отургузулган жаңгак дарактары көп кыйылгандыктан,  мораторийдин убактысы узартылып,  быйыл аягына чыккан.  Бул тууралуу парламенттик радионун түз эфиринде болгон депутат  Алмазбек Эргешов билдирди.  Жаңгак жана  арча дарактарын кыйгандан кийин, кайра анын ордуна 100 дарак отургузулушу шарт,- дейт эл өкүлү.

                               СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Депутат Жанар Акаев, - “Бишкекте дарактарды атайын кууратуу жолу менен кыйып, анын ордуна курулуш компаниялары имарат курууга ниееттенип жатыптыр”, - дейт парламенттин кечээки жыйынында. 

                               СНХ.Ж.АКАЕВ

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук  жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасынын  агроному Жаныбек Жумалиев  ордо калаада реконструкция жүрүп жатканда бак-дарактарды кыюуга туура келерин айтып, бул негизде аткарыла турган атайын эрежелери  болоорун  түшүндүрдү.  

                               СНХ.Ж.ЖУМАЛИЕВ

Ал эми чет өлкө парламенттеринде кандай талкуулар жүрүп жаткандыгын кабарчыбыз Алия Назымова баяндап берет.

                                      ТАСМА

                             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 8-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад:+25...+30,  Баткен:+26...+31 Ысык-Көл: +18...+23, Нарын:+19...+24 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 8-июнда  жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы +27...+29 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 382

Окшош жаңылыктар