Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын ишмердүүлүгү жол-жоболоштурулууда

07-06-2017 12:13

Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары А.Кодуранова, А.Шадиев, Т.Тиллаев, М.Сабиров, К.Керезбеков, А.Жапаров, А.Токторов.

Демилгечи депутаттардын бири депутат Максат Сабировдун айтымында, мыйзам долбоору КР Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын ишмердүүлүгүн жол-жоболоштурууга багытталган. Судьялар кеңешинин судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу функциясы алынып салынышы жана Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын жаңы орган катары киргизилишине байланыштуу мыйзам долбоору судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун негиздерине аныктама берүү сунушталууда. Маселен, тартип жосундарынын аныктамасы такталды, жасаган иштери үчүн тартип жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн болгон конкреттүү тартип жосундарынын түрлөрү көрсөтүлдү, тартип жазаларынын түрлөрү кеңейтилип, аларга аныктамалар берилди жана алардын күчүнө кирүү мөөнөтү белгиленди. Ошону менен катар, судьялардын кынтыксыз жүрүм-турумуна байланыштуу бир катар беренелерди оптималдаштыруу каралууда.

Талкуу жүрүшүндө Тартип комиссиясына КР Президентинин, Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү кире тургандыгы белгилүү болду. Депутат Азамат Арапбаев судьянын иммунитетине байланыштуу беренени алып салуунун сунуш кылды. Ал эми депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоору аркылуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги каралганын айтып, ошону менен катар аларды коргоо жаатындагы маселелер дагы камтылышы керектигин белгиледи. Депутат Дастан Бекешев судьялар кетирген каталары үчүн кандай болгон күндө дагы жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирин айтты. Мындай пикирди улаган депутат Алмамбет Шыкмаматов одоно мыйзам бузуусуна сөгүш жарыялоо туура эместигин кошумчалады.

Жыйынтыгында талкууда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 600

Окшош жаңылыктар