ЖАҢЫЛЫКТАР 07.06.17.

07-06-2017 08:43

Жогорку Кеңеш бүгүн, 7-июндагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам  долбоорун үчүнчү окууда карайт. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорунун алкагында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Аудитордук иш жөнүндө” мыйзамдарга да кошумчаланып жаткан түзөтүүлөргө экинчи окууда көңүл бурулат.  “Кыргыз Республикасынын “Күрөө жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору да талкууга чыгат.  

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмиратынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Эгерде жогорудагы келишим ратификацияланса, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмиратынын жарандары виза алуудан бошотулуп, ал өлкөлөрдүн аймагында 90 күнгө чейин визасыз жүрө алат. Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 1171 адамга дипломатиялык паспорт берилген.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңештин курамында иш алып бара турган депутат тандалды. Ал эл өкүлү Данияр Аттокуров. Анын талапкерлиги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кечээки жыйынында көпчүлүк добуш менен жактырылды.

“Дары  каражаттары жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына  өзгөртүүлөр кошумчаланууда. Ага ылайык,  дары-дармектер Бажы биримдигинин стандартына ылайыкташтырылат. Ошондой эле, биологиялык кошулмалар жана  медициналык буюмдар – дары-дармек категориясынан чыгарылган.  Эксперттердин айтымында, мыйзамдагы өзгөртүүлөр 2 жылдан ашык убакыттан бери талкууга коюлуп келе жатат.  Андыктан, колдоого муктаж. Маселе боюнча оюн ортого салган депутат  Рыскелди Момбеков, - медицинада реформалардын жүрүшүнө коррупция тоскоолдук кылууда,-  деп эксперттердин ишин сынга алды. Ошондой эле ал, - “ Эксперттердин туура эмес иштегенинен жана маселеге кайдыгер караганынан  улам коомдо сапатсыз дары –дармек колдонулуп жатат” – деген пикирин айтты.

                           СНХ.Р.МОМБЕКОВ

«Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан  өзгөртүүлөрдүн концепциясы Социалдык комитеттин жактыруусуна ээ болду. “Негизги сөз – аскер кеңешчилери тууралуу болуп жатат. Алар Афган согушуна катышкан   ардагер катары  мамлекеттен  жөлөкпул алып келишкен. Бирок,  2009-жылы  бул мыйзам өзгөрүп, жөлөкпул төлөнбай калган” – деди демилгечи депутат К.Рыспаев.  Бул максатта керектелүүчү сумманын жылдык өлчөмү 216 миң сом деп эсептелүүдө. 

                           СНХ.К.РЫСПАЕВ

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети миграция маселелерин жөнгө салууга багытталган КР Өкмөтүнүн жана РФ Өкмөтүнүн ортосундагы миграция жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды. Мамлекеттик миграция кызматынын төрага орун басары Алмазбек Асанбаевдин айтымында, бул келишим Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда маалымат алмашууга, эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, ошол эле учурда мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүго максатын дагы көздөйт.

Чек арага аймакташ жайгашкан жайлоолордогу малчылар жайыттарга чыгууда бир топ кыйынчылыктарга туштугуп жатышыптыр. Мисалы, уруксаат алууда тийиштүү кагаздарын чек аранын областтык бөлүмдөрүнөн эмес, борборубузга келип алып жаткан алардын убаракерчиктерин депутат Алмазбек Баатырбеков Эл аралык комитеттин жыйынында айтып чыкты.

                          СНХ.А.БААТЫРБЕКОВ

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ                                                 

Бүгүн, 7-июнда Ысык-Көл, Нарын областтары баштаган көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+ 20...+25; Ош, Жалал-Абад, Баткен:+23...+28; Ысык-Көл:14...19; Нарын:+18...+23; бийик тоолуу райондордо +2...+7 градус жылуу болот. ​Бишкек шаарында бүгүн, 7-июнда эртең менен жаан жаап, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 23…25 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 182

Окшош жаңылыктар