ЖАҢЫЛЫКТАР 06.06.17.

06-06-2017 08:24

Төрага Чыныбай Турсунбеков балдардын церебралдык паралич (ДЦП) жана аутизм менен жабыркаган балдар дарыланып, тарбиялануучу "Оберег" реабилитациялык борборунун иши менен таанышты.Аталган борбордо учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, тубаса илдетке кабылган 37 бала тарбияланууда. Анын ичинен 16сы күнү-түнү ушул борбордо жашайт. Мындай балдарды калыбына келтирүү, аларды кандайдыр өз алдынчалыкка үйрөтүү, мүмкүнчүлүктөрүн ачуу боюнча окутуп-үйрөтүү иштери жүргүзүлөт. 14 жылдан бери иштеп келаткан реаблитациялык борбор мэриянын жардамы менен быйыл жыл башында ушул имаратка ээ болгон. Аталган реаблитациялык борборго  Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом тапшырылды. Жолугушуунун соңунда мекеменин тарбиялануучулары, өз колдорунан жасалган картинаны Жогорку Кеңештин Төрагасына белекке беришти. Чыныбай Турсунбеков балдардын берген картинасы жашоосундагы өзгөчө баалуу белектердин бири болгондугун айтты. Андан соң Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков аталган имараттын экинчи тарабында жайгашкан «Рука в руке» балдар мекемесине баш бакты. Мында да аутизм менен жабыркаган бөбөктөр сабак алат. Бул балдар мекемесине дагы Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан каржылык жардам көрсөтүлгөн. Төрагага ал каражаттар кандай сарпталып жатканы боюнча маалымат берген мекеме жетекчиси жамаатынын жана ата-энелердин атынан терең ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Чыныбай Турсунбеков: “Мындай балдардын келечегине кайдыгер карабашыбыз керек, аларды камкордукка албасак болбойт. Бул Жаратканыбыздын эскертүүсү, сыноосу»- деди. Ошол эле кечээ күнү Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Токмок шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча республикалык адистештирилген борбордун ишинен да кабар алды.Алардын кем-карчы үчүн дагы Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом тапшырды.

Кечээ, 5-июндагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан толуктоолорду биринчи окууда жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – КР Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Нурбаев, У.Примов, И.Матраимов, М.Эгембердиев, А.Жамангулов. Демилгечи депутаттардын бири Абдывахап Нурбаевдин айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик маанидеги муктаждыктарга жараша жол жана көпүрө куруу үчүн жер тилкелерин трансформациялоону мораторийден чыгаруу максатында сунушталууда.

Депутат Зиядин Жамалдинов республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржыланып курула турган 344 обьекти бар экенине токтолуп, бүгүнкү күнгө чейин курулуш иштерине каражат бөлүнө электигин сынга алды. “Жылдын жарымы өтүп баратат, эми каражат бөлүнүп, курулуш күздө башталса кайдагы сапат? Капиталдык салымдар беренеси менен каржылоо качан ачылат?”,- дейт депутат.

                      СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

“Балыкчы - Корумду” жолун салып жаткан кытайдын “Лонг-Хай” компаниясы жергиликтүү компаниялар менен субподряддык келишимдерди түзгөн. Бирок келишимге ылайык аткарылган иштерге каражат төлөнбөй келет. Бул маселе боюнча КР Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылса, эч кандай кыймыл жок болуп жатат. Мындай маселени депутат Бактыбек Райымкулов көтөрүп чыкты.

                      СНХ.Б.РАЙЫМКУЛОВ

Электр кубатынын тарифине эл нааразы болуп жатканын айткан депутат Бакыт Төрөбаев өйдө-ылдый кылбай эле тарифти 1 сомдон кылса туура болоорун белгиледи. Ошону менен катар тоолуу аймактарга делген 1000 кВаттык жеңилдик аздык кылаарын кошумчалады.

                      СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Балдардын жол жүрүүсүндө гана  коопсуздук маселесин эстебей, алардын эс алуучу жайлардагы коопсуздугун да унутпаш керек. Өзгөчө  майрам  күндөрү  эс алуу парктарындагы аттракциондорго  көңүл буруу зарылдыгын айткан эл өкүлү Азизбек Турсунбаев, - аттракцион жабдыктарынын сапатына жооп бере турган тескөөчү бир органды аныкташ керек,- дейт. 

                     СНХ.А.ТУРСУНБАЕВ  

Азыр кезекте чет элдик жаңылыктар топтому. Аны менен тааныштырып, микрофондо кабарчыбыз Алия Назымова.

                             ТАСМА

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы:Чүй:+22...+27 Талас:+19...+24 Ош, Жалал-Абад, Баткен:+24...+29, Ысык-Көл: +18...+23,   Нарын +17...+22 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 6-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +24...+26 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 383

Окшош жаңылыктар