Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков Орусия Федерация Кеңешинин Төрайымы В.Матвиенко менен жолугушту

03-06-2017 14:58

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул жолугушуу Валентина Матвиенконун чакыруусу менен XXI Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында  уюштурулду.

Жолугушууда бир катар маселелер талкууланып, тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жана КМШ ПААнын алкагындагы алакаларды арттыруу тууралуу пикир алышты. Ошондой эле эки жактуу мамилелердин учурдагы абалы тууралуу да сөз болду.

Мындан тышкары, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенконун жакынкы аралыкта Кыргызстанга мерчемделип жаткан иш сапары жөнүндө да сүйлөшүүлөр болду. Иш сапардын жүрүшүндө Валентина Матвиенко  КМШга кирген өлкөлөрдүн "Балдар шериктештиги" аттуу эл аралык-маданий, билим берүү форумуна катышат. Аталган форум 3-6-июль күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

Иш-чаранын соңунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берген Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков уюштурулган форум аркылуу дүйнөлүк экономиканын, айрыкча, Орусия экономикасынын кайсы багытта өнүгүп жатканы тууралуу кеңири маалымат алгандыгын айтып берди. "Ал эми Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы менен болгон жолугушууда эки парламентин ортосундагы кызматташтык жана башка бир катар маселелер боюнча пикир алмаштык. Жыйынтыгында эки өлкөнүн өнөктөштүгүн өнүктүрүү тууралуу орток пикирге келдик"- дейт Чыныбай Турсунбеков .

КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1355

Окшош жаңылыктар